Ош облусунда катуу шамалдын кеспетининен кар күрткүсү пайда болуп, бир нече ички чарбалык жолдор жабылды, аларды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

0
214 просмотров

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагында 2019-жылдын 14-январь күнү саат 11:30дан тартып болгон катуу шамалдын кесепетинен Ылай-Талаа-Шаркыратма ички чарбалык унаа жолунун айрым жерлеринде кар күркүткүсү пайда болгон. Ошого байланыштуу айыл аймак башчысынын оозеки буйругунун негизинде унаа жол жабылган.

Унаа жолду тазалоого КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунан 1 бульдозер тартылган.

Тартылган техниканын жардамында унаа жолду тазалоо иш-чаралары  15-январь күнү жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагы 2019-жылдын 14-январь күнү саат 12:30дан тартып катуу шамалдын кесепетинен Бек-Жар-Кичи-Тээке ички чарбалык унаа жолунун айрым жерлеринде кар күркүткүсү пайда болгондугуна байланыштуу айыл аймак башчысынын оозеки буйругунун негизинде унаа жол жабылган.

Унаа жолду тазалоого Мады айыл аймагынан 1 жүктөгүч тартылган.

         Жолду кар күрткүсүнөн тазалоо иш-чаралары  15-январь күнү саат 10:30 да башталды.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here