2019-жылдын 1-февралы  саат 08:00гө карата  Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
79 просмотров

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

          2019-жылдын 1-февралына жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 176-185-чакырымдарында (Талдык ашуусу),   Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-90 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

5-7-февралда туруксуз аба-ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

6-февралдан 9-февралга чейин абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -17…-22°, күндүз -6…-11°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -3…-8°, Ысык-Көл ойдуңунда  түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз -12…-17°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2019-жылдын 21-январында №02-34/78-Т телефонограммасы жана 31-январында №88 телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

          2019-жылдын 31-январы саат 08:00дөн 01-февраль саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өртөрдү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек  шаары
1. 7-АӨКБ

1 17:05 17:18 17:30 18:05 19:09   Октябрь  району. Алтын-Ордо конушунда аянты 30 чарчы метр болгон мончо толугу менен күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
2. 28-АӨКБ

5-АӨКБ

АЛ

1 19:13

19:13

19:24

19:24

20:46

20:46

  Октябрь району. Ч.Айтматов көчөсү №82/3. Көп кабатту турак үйдөн чыккан өрт тууралуу маалымат тастыкталган жок.
Нарын облусу
3. 16-АӨКБ

1 09:54 10:00 10:03 10:47 11:14   Нарын шаары. Сагынбай Орозбаков көчөсү №141. Эмерек цехтин 40  чарчы метр  бөлмөсү күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
4. 42-ӨКБ

1 15:51 15:55 16:00 16:18 16:25   Ак-Талаа району. Баетов айылындагы имараттын кабинетинде аянты 2  чарчы метр болгон стабилизатор аппараты күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
Чүй облусу
5. 21-АӨКБ

1 10:36 10:39 Жетк чейин 10:52   Токмок шаары. Дубовитский көчөсү №122. Короодо таштанды күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу.
Ош облусу
6. 102-ӨКБ

1 10:43 10:53 10:58 11:45 12:03   Кара-Суу району. Нариман айылы. Сулайманов көчөсү №31. Турак  үйдүн   25  чарчы метр  бөлмөсү толугу менен  күйгөн. Өрттүн келип чыгуу  себеби такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад  облусу
7. 83-ӨКБ

 

1 13:3914:00 13:5014:09 13:54 15:21 15:4515:45   Ноокен району. Майлуу-Суу  шаары.  Заводская  көчөсүндөгү жыгач устундуу темир менен жабылган турак үйдүн 45  чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн.   Өрттүн  келип чыгуу себеби: тиричилик  электр  шаймандарын  колдонууда  өрт  копсуздук эреженин  бузулушу. 2ствБ
Ысык-Көл облусу
8. 15-АӨКБ

1 20:33 20:38 21:06 21:10 21:25   Каракол шаары. Гебзе менен Коенкозов көчөлөрүнүн кесилишинде “Фольксваген Жетта” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Баткен облусу
9. 75-ӨКБ

1 23:15 23:34 23:48 00:12 00:50   Кадамжай району. Валакыш айылында жалпы аянты  30  чарчы метр болгон  мончонун ички жыгач жасалгалары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: от менен иш жүргүзүүдө өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушу. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон:

 Чүй облусу

 Аламүдүн району.         2019-жылдын 31-январь күнү саат 14:25 чамасында 2004-жылы туулган  М. С. аттуу бала Ленин айылынын Комунарская көчөсүнүн четинде жайгашкан көлмөдөгү муз үстүндө ойноп жатып сууга түшүп кеткен.  КР ӨКМнин №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кырсык болгон жерге жетип барышып, баланы суудан аман-эсен алып чыгышкан. Абалы канааттандыраарлык.

1-февраль күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 Жалал-Абад облусу

         Чаткал району.  2019-жылдын 31-январь күнү саат 16:20 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 86-100-чакырым аралыгында болжол менен 1500м3 кар көчкү түшкөн. Унаа жолу жабылган.

         Жерине КР ӨКМнин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысы, №27 ЖТИден 1 жүктөгүч, 2 бульдозер жана 9 кызматкер тартылган.

         Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 17:30да Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 86-100-чакырым аралыгында түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланып ачылган.

         Чаткал району.  2019-жылдын 31-январь күнү саат 17:35 чамасында  Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырым аралыгында болжол менен 1500м3 кар көчкү түшкөн. Унаа жол бир тараптуу жабылган.

         Жерине КР ӨКМнин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысы, №27 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылган.

         Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 18:30да Красная-Горька-Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырым аралыгында түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланып ачылган.

Нарын облусу

Кочкор району. 2019-жылдын 30-январь күнү Көк-Жар айылындагы Жоон-Арык суусу тоңуп муз катмары (тос) пайда болуп, 20 турак үйдүн короолорун суу каптаган. Турак үйлөргө жана чарбалык курулуштарга коркунуч жок.

Жерине КР ӨКМнин Кочкор райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана айыл башчысы барышкан.

Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү жана тактоо  иш-чаралары жүргүзүлгөн. Учурда суунун жээгинде тоңгон муздун калыңдыгы 1,5-2 метрге чейин жетет жана суу өз нугу менен агууда. Аталган аймак райондук Жарандык коргоо комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынып, азыркы учурда турак жайларга коркунуч жок.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here