Куткаруучулар 2004-жылкы өспүрүмдү куткарып калышты

0
39 просмотров

Окуя кечээ, 31-январы күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда катталган. Саат 14:25 ӨКМге Ленин айылындагы Комунарская көчөсүнүн четинде жайгашкан көлмөдөгү муз үстүндө бала ойноп жатып сууга түшүп кетти деген маалымат түшөт. КР ӨКМнин  №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары 5 мүнөт ичинде кырсык болгон жерге жетишип, дароо куткарганга киришет. Бала суу ичинде, жээктен 15-20 метр аралыкта музду кармап турган . Куткаруучулар аркан байланып, муздун үстү менен барып чөгүп жаткан балага аркан ыргытып, тартып чыгышкан.Жыйынтыгында куткаруучулар 2004-жылкы С.М. аттуу өспүрүмдү куткарып калышкан, баланын абалы туруктуу.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here