ӨКМде аппараттык кеңешме өткөрүлдү

0
142 просмотров

2019-жылдын 4-февраль күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жетекчилик кылган аппараттык кеңешме болду. Анда өлкөдөгү  өзгөчө кырдаалдар, алдын алуу, издеп-куткаруу аракеттери тууралуу маселелер талкууланды. Аппараттык кеңешмеге министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын башчылары катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө министр Нурболот Мирзахмедов өрт коркунучун алдын алуу багытында калк арасында түшүндүрүү иш-чараларын улантууну, жаздын келиши менен болуп кетчү табигый кырсыктарды алдын алуу иш-аракеттерин ыкчам аткарууну тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн жана башкармалыктын  башчыларына  тапшырма берди.

“Өрттүн статистикасын карасак, быйыл январь айына карата өлкө аймагында 191 өрт катталса, өткөн жылы январь айы 421 өрт кырсыгы катталган, муну менен өрт 54,6%га кыскарган, ал эми материалдык чыгым 90% кыскарган. Бул демек башкармалыктар тарабынан калк арасында түшүндүрүү аракеттеринин да жыйынтыгы десем жаңылышпайм. Маселен, Чүй облусу боюнча башкармалыгы жакшы көрсөткүчтү көрсөтө алды: 2018-жылы 119 өрт катталса, быйыл январь айында 38 өрт катталган, муну менен 68,1 % га кыскарды.  Андыктан, калк арасында түшүндүрүү иш-аракеттерин күчөтүүнү талап кыламын”,- деди министр Н.Мирзахмедов.

Мындан тышкары министр жаз маалындагы күтүлүүчү табигый кырсыктарын алдын алуу аракеттерин ыкчам түрдө жүргүзүлүүсүн, калк арасында коопсуздук эрежелерин түшүндүрүүнү улантылышын  белгилеп өттү. Аппараттык кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү түзүмдүк жана аймактык башчыларына кыш, жаз мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, болуп кетүүчү чукул кардаалдарга  министрликтин күч, каражаттарын даярдыкта болуусу талкууланды. 

Кошумча: 2019-жыл башынан бери  2 өзгөчө кырдаал катталган: катуу шамал жана ири жол кырсыгы, салыштырмалуу 2018-жылы 9 өзгөчө кырдаал катталган. Куткаруу кызматтары тарабынан 2019-ж. 12 адам куткарылды, 2018-жылы 25 адам куткарылган.

 

 

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here