2019-жылдын 5-февралы  саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
105 просмотров

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт !

          2019-жылдын 5-февралынан 7-февралына чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

6-февралдан 9-февралга чейин абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -17…-22°, күндүз -6…-11°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -3…-8°, Ысык-Көл ойдуңунда  түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз -12…-17°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2019-жылдын 31-январында №88-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

2019-жылдын 4-февралы саат 08:00дөн 5-февраль саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.    5-АӨКБ

1 б

1 18:58 жеткенге чейин 19:22   Октябрь району. 9-кичи район, Сүйөркулов көчөсүндөгү үйдүн подъездинен чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
2.    7-АӨКБ

1 б

1 19:04 19:13 19:28   Октябрь району. Анкара жана Достоевкий көчөлөрүнүн кесилишинде унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок.
Ош шаары
3.    13-АӨКБ

1 б

1 23:35 23:41 23:43 00:01 00:21   Бобулов көчөсүндө жыгач устундуу щифер жабылган бастырманын 15 чарчы метр чатыры жана үй буюмдар күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Чүй облусу
4.    23-АӨКБ

1 б

1 18:03 18:15 18:20 18:30 19:10   Сокулук району. Военно-Антоновка айылындагы унаа базарынын жанында  “Ford-Tranzit” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү жана салону күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби:  электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствб
5.    5-ӨКБ

1 б

1 18:22 18:48 18:53 19:08 19:58   Кемин району. Боролдой айылы, Жээнбеков көчөсүндөгү турак үйдүн  бөлмөсүнүн 3 чарчы метр аянты күйгөн. Кырсык болгон жерде 1961-жылы туулган О.И. аттуу эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. Кол каражат
6.    4-ӨКБ

1 б

1 03:18 03:48 04:28 07:10   Ысык-Ата району. Чолпон айылында  жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 22 чарчы метр чатыры, 1000 түк жыйылган чөп жана 2 тонна жүгөрү күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
7.    55-ӨКБ

1 б

1 15:51 15:57 16:10 16:35 17:20   Ноокен району. Масы айыл аймагынын Богот айылында 2 кабаттуу турак үйдүн  бөлмөсүнүн 24 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 2ствБ
8.    56-ӨКБ

1 б

1 б

1 21:45

 

22:15

21:50

 

22:27

21:55 00:24 00:35

 

00:35

  Таш-Көмүр шаары. Шамалды-Сай шаарчасынын Ажыков көчөсүндөгү темир кабыл алуучу жайда 160 чарчы метр аянттагы ар түрдүү металлдар күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2ствБ
Ысык-Көл облусу
9.    19-ӨКБ

1 б

1 00:59 01:07 01:13 01:28 02:35   Балыкчы шаары. Бейшембиев көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган очок кананын 4 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Талас облусу
10.           91-ӨКБ

1 б

1 10:08 10:36 10:50 12:15 02:50   Кара-Буура району. Молдо-Асан айылынын Садовый көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 250 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

 Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон:

 Бишкек шаары

  Свердлов району. 2019-жылдын 4-февраль күнү саат 17:42де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Восток-5 кичи районундагы №3/2 көп кабаттуу үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 Ош шаары

Кулатов кичи району. 2019-жылдын 4-февраль күнү саат 20:52де КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары №1 көп кабаттуу үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ысык-Көл облусу

 Тоң району. 2019-жылдын 4-февраль күнү саат 12:01 чамасында Бөкөнбаев айылынын Базаров жана Тойгонов көчөлөрүнүн кесилишинде 2005-жылы тулган  Б. А. аттуу баланы унаа сүзүп кеткен. Жерине КР ӨКМнин №38 Өрт-куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, жабыркаган балага алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

5-февраль күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.  Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here