2019-жылдын 6-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
78 просмотров

Шашылыш билдирүү: аба-ырайы туруксуз болуп, кар көчкү тушүүсү күтүлөт!

          2019-жылдын 6-февралынан 7-февралына чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

6-февралдан 9-февралга чейин абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -17…-22°, күндүз -6…-11°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -3…-8°, Ысык-Көл ойдуңунда  түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз -12…-17°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

         2019-жылдын 6-февралынан 7-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 176-185-чакырымдарында (Талдык ашуусу),   Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-90 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2019-жылдын 31-январында №88-Т жана 5-февралында №02-34/101 телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

2019-жылдын 5-февралы саат 08:00дөн 6-февраль саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 6 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.    5-АӨКБ

1 б

1 00:01 00:10 00:17 00:32 00:39   Биринчи Май району. Л.Толстой көчөсүндө турак үйдүн жанында “Тайота-Виш” үлгүсүндөгү унаа толугу менен  күйгөн.  Өрттүн чыгуу себеби такталууда.   1ствБ
Чүй облусу
2.    7-АӨКБ

1 б

1 07:30 07:45 08:07 08:25 09:05   Аламүдүн району. Ломоносов көчөсүндө контейнердин ичинде 30 чарчы метр курулуш таштандылары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
3.    15-АӨКБ

1 б

1 15:30 15:38 —- жеткенге чейин 16:09   Каракол шаары. Кашка-Суу кичи районундагы 9-үйдүн батиринин балконунда таштанды күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. —-
4.    36-ӨКБ

1 б

1 03:20 03:41 04:01 07:05 07:37   Жети-Өгүз району. Дархан айылынын Конок Казы көчөсүндө короодо жыйылган 700 түк чөп күйгөн. Өртүн чыгуу себеби такталууда. 2ств Б
Баткен облусу
5.    76-ӨКБ

1 б

1 16:19 13:25 16:37 16:38 16:55   Кадамжай району. Кадамжай шаарынын Жалилов көчөсүндө турак үйдүн жер төлөөсүндө матрас күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. кол каражат

 Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон:

Баткен облусу

Лейлек району. 2019-жылдын 5-февраль күнү саат 10:40да КР ӨКМнин  №1 Өзүнчө мобильдик тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары Сүлүктү шаарындагы “”Ж. Айтматов” ЖЧКнун шахтасына тосмо орнотуп беришкен.

5-февраль күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

 Ош облусу

         Чоң-Алай району.  2019-жылдын 5-февраль күнү саат 18:40 чамасында Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 98-чакырымында (Дароот-Коргон айылы) болжол менен 600м3 кар көчкү жана ошол эле чакырымында саат 19:34 чамасында  кайрадан 700м3 кар көчкү түшүп, Деу Матиз унаасын басып калган. Унаанын ичинде 2 адам болгон. Абалдары жакшы.  Унаа жол жабылган.

         Жерине КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы жана Чоң-Алай райондук №88 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, №16 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылган.

         Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 20:15те Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 98-чакырымында түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланып ачылган.  Унаанын ичинде 2 адам болуп, ал №16 ЖТИ кызматкерлери тарабынан унаадан чыгарылган. Ал эми кар көчкү басып калган Деу Матиз унаасын куткаруучулар чыгарууга жардам беришкен. 2 адам өздөрүнүн унаасында үйлөрүнө кетишкен.

         2019-жылдын 5-февраль күнү саат 18:40 чамасында  Дароот-Коргон-Чак-Жаш-Тилек унаа жолунун 1-чакырымында 700м3 кар көчкү түшкөн. Унаа жол жабылган.

         Жерине КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы, №16 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылган.

         Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 20:00дө Дароот-Коргон-Чак-Жаш-Тилек унаа жолунун 1-чакырымында түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланып ачылган.

         2019-жылдын 5-февраль күнү саат 23:40 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 115-чакырымында кар күрткүсү пайда болуп, анын кесепетинен 16 унаа 70 жүргүнчүлөрү менен жолдо калып кетишкен.

         Жерине КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы жана №16 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылган.

         Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 00:26да Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 115-чакырымындагы кар күрткү толугу менен тазаланып, унаа жолу ачылган. Ал эми, 70 жүргүнчү (55 эркек адам жана 15 аял киши) аталган унаа жолдун 108-чакырымында (Жар-Башы тилкеси) жайгашкан 2 мечиттин ичине убактылуу жайгаштырылган.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here