2019-жылдын 7-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
52 просмотров

Шашылыш билдирүү!

          2019-жылдын 7-февраль күнү туруксуз аба-ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

7-февралдан 9-февралга чейин абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -17…-22°, күндүз -6…-11°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -3…-8°, Ысык-Көл ойдуңунда  түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз -12…-17°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосуна кыйынчылык жаратат.

         2019-жылдын 7-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 176-185-чакырымдарында (Талдык ашуусу),   Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-90- чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2019-жылдын 31-январь күңү №88-Т жана 5-февраль күнү №02-34/101 телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

I.I. Ысык-Көл облусу

         I.I.I. Ысык-Көл району. 2019-жылдын 6-февраль күнү саат 15:30-16:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 15-28 метрге жеткен катуу шамал катталып, шамалдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарындагы «Чолпон-Ата суу канал» муниципалдык ишканасынын 185 чарчы метр чатырын (профнастил), Тамчы айыл аймагынын Кош-Көл айылында 1 турак үйдүн 8 даана шиферин жана Тамчы айылында 1 турак үйдүн 36 чарчы метр чатырын (профнастил) учурган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

         Жерине КР ӨКМнин Ысык-Көл райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде аныктоо иш чаралары жүргүзүлүп, акт толтурулган. Келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча баалымат

         2019-жылдын 6-февралы саат 08:00дөн 7-февраль саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.    5-АӨКБ

1 10:17 10:22 10:42 12:17 13:05   Октябрь району. Скрябина көчөсүндө аянты 24 чарчы метр иштебеген павильон толугу менен күйгөн. Ичинен 2 белгисиз адамдын жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
2.    6-АӨКБ

1 12:45 12:57 13:02 13:35 14:06   Биринчи Май району. Темиров көчөсү №17. Турак үйдүн чатырында 10 даана жыгач устун жана 1 даана электр ширетүү аппараты күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
3.    5-АӨКБ

1 20:17 20:29 Жетк. чейин 21:19   Октябрь району. С. Каралаев көчөсүндөгү №13/9 үйдүн батиринин жуунуучу бөлмөсүндө кир жуугуч автомат машинасы күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.
4.    5-АӨКБ

1 01:45 01:57 02:01 02:05 02:40   Биринчи Май району, Малдыбаев көчөсүндө автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү  толугу менен күйгөн. 1ствБ

 

Ысык-Көл облусу
5.    19-АӨКБ

1 б

1 08:30 08:40 08:56 09:26 10:12   Балыкчы шаары. Интернациональный көчөсүндө аянты 24  чарчы метр турак үйдүн капасынын чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ

 

 

 

6.    32-ӨКБ

 

1 14:30

15:03

14:37

14:10

15:47 16:50 17:30

17:30

  Ысык-Көл району. Чок-Тал айылынын Самат Кадыров көчөсүндөгү турак үйдүн короосундагы 400 түк чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2ствБ
7.    32-ӨКБ

 

1 18:12 18:30 20:40   Ысык-Көл району. Өрнөк айылындагы таштанды таштоочу жайда 500 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Талас облусу
8.    17-АӨКБ

1 б

1 08:08 08:13 08:46 09:15 09:40   Талас шаары. Бердике Баатыр көчөсүндөгү №214 үйдүн батиринин уктоочу бөлмөсүнүн 4  чарчы метр  жыгач полу күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
Ош облусу
9.    12-АӨКБ

1 12:13 12:20 12:25 12:33 13:05   Кара-Суу району. Дыйкан-Кыштак айылынын Илиманов көчөсүндөгү турак үйдүн от жагуучу бөлмөсүнүн 5  чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
Чүй облусу
10.           23-АӨКБ

1 14:28 14:32 14:36 15:00 15:10   Сокулук району. Сокулук айылынын Фрунзе көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 10  чарчы метр  чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон:

Бишкек шаары

Октябрь району. 2019-жылдын 6-февраль күнү Скрябина жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кароосуз калган павильондон өрт чыгып, темир тосмолор болгондуктан, өрт өчүрүүчүлөрдүн кирүүсүнө тоскоолдук жараткан. КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын  куткаруучулары жерине барышып, павильондун темир тосмолорун ачып беришкен. Өрт кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болгон. Маркумдардын жансыз денелери ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ленин району. 2019-жылдын 6-февраль күнү саат 20:40да КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын  куткаруучулары Жал кичи районундагы №28 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

7-февраль күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1° сууктан …+1° жылуулукка чейин,  Чүй, Талас өрөөндөрүндө -5…-10°, Ысык-Көл ойдуңунда 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -10…-15°, тоолуу райондордо -12…-17° суук болушу күтүлөт.

 Жалал-Абад облусу

Тогуз-Торо району. 2019-жылдын 6-февраль күнү Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-45-чакырым аралыктарында көлөмү болжол менен 9000м3 кар көчкү түшүп, 1 жеңил унаа жана 2 КамАЗ оор жүк ташуучу унаалары, жалпы 9 жүргүнчүсү менен өтө албай калышкан. Жабыркагандар жок.

Көчкү болгон жерге КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук №46 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, 3 кызматкер жана №18 ЖТИден 1 бульдозер тартылган.

Тартылган куткаруучулардын жана техниканынын жардамы менен саат 17:15те унаа жол бир тараптуу ачылып, өтө албай калган унаалар өз багыты боюнча сапар алышкан. 7-февраль күнү унаа жолду кеңейтүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here