Чоң-Алайда мектеп окуучулары үчүн “ачык эшик” күнү  өткөрүлдү

0
313 просмотров

 Бүгүн, 2019-жылдын 7-февраль күнү КР ӨКМнин Чон-Алай районук бөлүмүндө Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы А.Мурзакулов мектебинин окуучулары үчүн “ачык эшик” күнү өткөрүлдү.

 Иш-чаранын максаты өрттүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга өрт коопсуздугунун эрежерлери, өрт чыкккан мезгилде өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери, туура эвакуациялоонун жолдору үйрөтүлдү.

 Жыйынтыгында окуучуларга өрт өчүрүүчү шаймандарды кантип колдонуу керектиги практика жүзүндө көрсөтүлүп, өрт өчүрүүчү автоунаалар тааныштырылды.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here