Казарман-Актал-Чат унаа жолундагы кар көчкү толугу менен тазаланып ачылды

0
492 просмотров

2019-жылдын 6-февраль күнү Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-45-чакырым аралыктарында көлөмү болжол менен 9000м3 кар көчкү түшүп, 1 жеңил унаа жана 2 КамАЗ оор жүк ташуучу унаалары, жалпы 9 жүргүнчүсү менен өтө албай калышкан. Жабыркагандар жок.

Көчкү болгон жерге КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук №46 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, 3 кызматкер жана №18 ЖТИден 1 бульдозер тартылган.

Тартылган куткаруучулардын жана техниканынын жардамы менен саат 17:15те унаа жол бир тараптуу ачылып, өтө албай калган унаалар өз багыты боюнча сапар алышкан.

Бүгүн, 7-февраль күнү саат 11:00дө унаа жол толук тазаланып эки тараптуу ачылды.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here