2019-жылдын 8-февралы  саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам мааымат

0
20 просмотров

Шашылыш билдирүү!

          2019-жылдын 8-февралдан 9-февралга чейин абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -17…-22°, күндүз -6…-11°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -3…-8°, Ысык-Көл ойдуңунда  түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз -12…-17°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

         2019-жылдын 8-февралынан 11-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолунун 98-123-135,176-185-чакырымдарында (Талдык ашуусу),   Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-90-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2019-жылдын 5-февралында №02-34/101 жана 7-февралында №02-34/111 телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолуу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:

— ӨКМден берилген шашылыш билдирүүгө, аба-ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көңүл буруу;

— тоолуу унаа жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл;

— кышкы дөңгөлөктөр;

— күрөкчө, чынжырча, аптечка болуусу зарыл.

Өзгөчө кырдаалдарда “112” кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап

атып түшүрүү иш-чаралары

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу (74-76, 88-89- жана 100-115-чакырымдарында) жана унаа жолдорунда 2018-жылдын 8-февралынан 12-февралына чейин  артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу 2019-жылдын 7-февралында КРнын ӨКМнин министрдин орун басарынын №93 буйругу чыккан.

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

         2019-жылдын 7-февралы саат 08:00дөн 8-февраль саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.    28-АӨКБ

1 08:55 09:10 09:20 09:58 10:09   Ленин району. Чоң-Арык айылы, Чодонов көчөсү №106. Турак үйдүн от жагуучу бөлмөсүндө 27 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
2.    2-АӨКБ

1 21:55 22:06 22:12 22:30 23:14   Свердлов району. Новый жана Полярный кыска көчөсүнүн кесилишинде 10  чарчы метр  таштанды жана 2 түп дарак күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
3.    28-АӨКБ

5-АӨКБ

1 б

 

1 22:39

 

22:53

22:48

 

23:19

23:55 02:03 02:16

 

01:26

  Ленин району. Чон-Арык айылы, Саликамский көчөсү №6. Жыгач устундуу  темир жабылган турак үйдүн 250 чарчы метр чатыры күйгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2ствБ
Ош шаары
4.    13-АӨКБ

1 б

1 13:40 13:42 13:42 13:43 14:06   Ош шаары. Массалиев көчөсү №10. Көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө 0,5  чарчы метр  резина күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. Кол караж
Чүй облусу
5.    15-ӨКБ

1 б

1 09-28 09:52 09:57 10:07 10:33   Москва району. Садовое айылы, Комсомол көчөсү №63. “Мазда 626”  үлгүсүндөгү унаанын салону жана кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
6.    2-АӨКБ

1 б

3-АӨКБ

1 б

 

1 18:45

 

19:01

18:56

 

19:16

19:16 20:28 21:16

 

20:22

  Аламүдүн району. Ылдыйкы Ала-Арча айылы,  Короткий көчөсү №76. Турак үйдүн 120  чарчы метр   жыгач устундуу темир жабылган чатыры, муздаткыч  жана сыналгы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2 ствБ
7.    27-АӨКБ

1 б

1 19:29 19:40 19:52 20:23 20:35   Ысык-Ата району. Дмитриев айылы, Ленин көчөсү №3. Турак үйдүн от жагуучу бөлмөсүнүн 2  чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
8.    27-АӨКБ

1 б

1 23:12 23:19   Жеткен

чейин

00:00   Ысык-Ата району. Кант шаары, Октябрь көчөсү №94. Турак үйдүн  от жагуучу бөлмөсүнүн 2  чарчы метр шыбы күйгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.  
9.    4-ӨКБ

1 б

1 01:30 01:33 01:52 03:50 04:35   Ысык-Ата  району.  Иванов айылы. Первомай көчөсү  №4.  Турак үйдүн 100  чарчы метр жыгач устундуу темир жабылган чатыры, үй эмеректер жана документтер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
10.           32-ӨКБ

1 б

31-ӨКБ

 

1 08:41

 

10:35

08:58

 

11-04

15:30 15:50 16-35

 

12:20

  Ысык-Көл району. Өрнөк айылы. Таштанды таштоочу жайда 1,5 га таштанды күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2ствБ
Жалал-Абад облусу
11.           65-ӨКБ

1 б

1 06:15 06:24 06:28 06:51 06:59   Сузак району. Ырыс айыл аймаыгынын Күмүш-Али айылынын Набережный көчөсү №8. “Мерседес-Бенц”  үлгүсүндөгү унаанын салону, кыймылдаткыч бөлүгү жана документтери күйгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон:

 Ош шаары

 2019-жылдын 7-февраль күнү саат 20:37де КР ӨКМнин Ош шаардык  башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Авиценна көчөсүндөгү №20 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

8-февраль күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

 Ысык-Көл облусу

         Ысык-Көл району. 2019-жылдын 6-февраль күнү саат 15:30-16:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 15-28 метрге жеткен катуу шамал катталып, шамалдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарындагы «Чолпон-Ата суу канал» муниципалдык ишканасынын 185 чарчы метр чатырын (профнастил), Тамчы айыл аймагынын Кош-Көл айылында 1 турак үйдүн 8 даана шиферин жана Тамчы айылында 1 турак үйдүн 36 чарчы метр чатырын (профнастил) учурган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

         Жерине КР ӨКМнин  Ысык-Көл райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде аныктоо иш- чаралары жүргүзүлүп, акт толтурулган. Келтирилген материалдык чыгым 322590 сомду түздү.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

        

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here