“Баткен” аэропортунда өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

0
274 просмотров

    Бүгүн, 2019-жылдын 8-декабры күнү КР ӨКМнин Баткен райондук жана Баткен шаардык бөлүмү тарабынан “Баткен” аэропортунда өрттүк -тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуунун максаты Баткен шаарындагы страдегиялык мааниге ээ болгон аэропортто  катталуучу кырсыктардын алдын алуу жана чукул кырдаал катталган учурда шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын “Баткен” аэропортунун кызматкерлери менен биргеликте элдердин өмүрүнүн жана материалдык балуулуктарын сактоодо өз ара аракеттенүүсүн практика жүзүндө көрүү.

Машыгууцнцн сценарийи боюнча, саат 11.00дө Баткен аэропортунун башчысы тарабынан “101” кызматына “РЖ-85 үлгүсүндөгү учак авариялык абалда келе жатат, өрт кырсыгы келип чыгуусу мүмкүн” деген кабар берген. Маалымат түшөөр замат КР ӨКМнин Баткен шаарындагы №26 өрткө каршы куткаруу кызматына жана  ошондой эле “102”, “103” кызматтарына кабар берип, айгай көтөргөн.

        Машыгууда  “101”, “102”, “103” кызматтары өз убагында келишип авариялык абалдагы учактагы катталган өрттү өчүрүү менен биргеликте  жабыркаган жарандарга куткаруучулар тарабынан биринчи жардамдар көрсөтүлүп, медицина кызматкерлерине өткөрүп берди. Ошондой эле, аэропорттун ыктыярдуу өрттөн сактоо кошуундары тарабынан да өрттүн кесепеттерин жоюуда жана материалдык баалуулуктарды сактоо боюнча жумуштары аткарылды.

         Машыгууга КР ӨКМнин  Баткен шаарындагы №26 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2  өрт өчүрүүчү автоунаа, 1 ыкчам кызматтык автоунаа, Баткен аэропорту тарабынан 1  өрттүк автотехника жана 2  тез жардам автоунаалары  тартылды.

Аталган машыгуу Баткен шаардык мэри- шаардык жарандык коргонуунун башчысынын 2019-жылдын 5-февралындагы №01-4/29 буйругунун жана Баткен шаардык жана Баткен райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2019-жылдын 8-февраль күнү 1-кварталына бекитилген негизги иш-чаралар планынын негизинде өткөрүлдү.

 

         КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here