Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгына “Жылдын мыкты мекемеси-2018” номенициясы ыйгарылды

0
668 просмотров

2019-жылдын 7- февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн премьер- министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылда аткарган иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын отурумунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы “Жылдын мыкты мекемеси-2018”  диплому  жана он миң сомдук сертификат менен сыйланды.

Бул туулалуу КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы полковник Баймуратов Нурлан Абдалимович билдирди.

Отурумда КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын 2018-жылда Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды уюштурууда жана Ош шаарынын Жарандык коргонуу кызматтары, мекеме уюмдары, аймактык Кеңештер менен биргелешип иштөөдө эң жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтө алгандыгы да эске алынган.

Эске сала кетсек, аталган башкармалык  2018-жылда «5-октябрь — Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган  бир айлыктын жыйынтыгында эл арасында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө республика боюнча КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы 1-орунду ээлеген.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here