Кыргызстанда Жарандык коргоонуунун мекемелер аралык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү

0
284 просмотров

Бүгүн, 2019-жылдын 8-февраль күнү КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорунда  Кыргыз Республикасынын Жарандык коргоонуунун мекемелер аралык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

Аталган отурумду Өзгөчө кырдаалдар министри – Жарандык коргонуунун башчысынын орун басары Нурболот Мирзахмедов төрагалык кылды. Отурумга министрликтердин, административдик мекемелердин, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери — Жарандык коргонуу башчылары катышты.

Күн тартибинде 3 маселе талкууланды:

  1. Жарандык коргонуунун 2018-жылдын  жыйынтыгын чыгаруу.
  2. Жарандык коргонуу 2019-жылга коюлуучу тапшырмалар.
  3. Ар түрдү маселелер.

Алгач өзгөчө кырдаалдар  министринин орун басары полковник Калыс Ахматов «Жарандык коргонуунун 2018-жылдын жыйынтыгын чыгаруу» тууралуу доклад жасады.

“Жарандык коргонуу жаатында 2018-жылга коюулган негизги тапшырмалар болуп Кыргыз Республикасынын калкты жана аймактарды өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан комплекстүү коргоо стратегиясын иш жүзүнө ашыруу, адам өлүмүнө жол бербөө, өзгөчө кырдаалдын коркунучун төмөндөтүү, алдын алуу иштерин жүргүзүү жана Жарандык коргонуу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу белгиленген”, — деди полковник К.Ахматов.

Отурумдун жүрүшүндө Жарандык коргонуу кызматтары жана башчылары тарабынан өзгөчө кырдаалдарды жоюуда, ошондой эле алдын алуу иштерин өз убагында уюштурууда  өз милдеттерин так аткарбаган кызматтар да белгиленди. Маселен, 28-июлунда Талас облусунун Манас районунда Жайылган айылынын Алмалуу жайлоосунда, Казакстан Республикасы менен чектешкен аймакта 17-күнгө созулган өрт чыккан. Өрт өчүрүү иштерине Манас райондук жарандык коргонуу башчысы тарабынан тиешелүү чечимдер жана кечиктирилгис иштери уюштурулган эмес.

Кыш мезгилинде жааган кардан улам Бишкек-Ош унаа жолунун  Төө-Ашуу ашуусунда ири унаа жол тыгындары катталып, жүргүнчүлөрдүн нааразычылыктарын жараткан. Бул жол тыгындарынын келип чыгуу себептерин иликтөө максатында Өкмөттүн атайын тапшырмасынын негизинде министрликтен атайын комиссия түзүлүп, текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында Транспорт кызматынын №9 жана “МостДорстрой” жол тейлөө ишканалары тарабынан жол тазалоо жана инертүү материалдарды чачуу иштери өз убагында толук кандуу жүргүзүлбөгөндүгү жана ошондой эле жол кыймылын көзөмөлдөө орган тарабынан техникалык каражаттардын кышка даярдыгы боюнча текшерүүлөр толук жүргүзүлбөгөндүгү аныкталган.  Жарандык коргонуунун Транспорт   кызматынын өкүлүбаяндама берип жатып, ӨКМ берилген сунуштаманын негизинде №9 Жол тейлөө ишканасанын жетекчиси кызматтан алынганын билдирди.

 Отурумдун жүрүшүндө Жарандык коргонуунун Транспорт   кызматынын өкүлү, Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу башчысыны, Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуу башчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлүнү Жарандык коргонуу багытында жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүк боюнча баяндама жазашты.

Мындан тышкары, ЖК багытында алгылыктуу иш-аракеттери үчүн кээ бир министрлик, ведомствонун башчылыра ӨКМ “Ардак грамотасы” жана төш белгилери менен сыйланышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында Жарандык коргонуунун 2019-жылга төмөнкү тапшырмалар каралды:  

«Калкты жана аймакты коргоо маселелерин  эффективдүү чечүү максатында Кыргыз Республикасынын министрлик, ведомстволору — Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери, Кыргыз Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери:

                     “2017-2020-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясын” ишке ашыруу үчүн “Кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү” жана Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонууга даярдык планы аткарылууга алынсын;

                     товардык-материалдык баалуулуктардын резервин түзүүгө, коргоо иш-чараларын өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен каржылоо каралсын;

                     кооптуу аймакта жашаган калкты, коопсуз жайга көчүрүү боюнча кечиктирилгис иш-чаралар жүргүзүлсүн;

                     жаз мезгилиндеги күтүлүүчү сел, суу ташкындарын коопсуз өткөрүү боюнча алдын алуу иштери жогорку деңгээлде уюштурулсун;

                     кар көчкү жана жер көчкү коркунучтары бар аймактарда жашаган калкка ошондой эле жол каттамы аркылуу жүргөн жүргүнчүлөргө маалымдоо жана кабардандыруу иштери тынымсыз жүргүзүлсүн;

                     турак-жайларды камсыздоо иш-чаралары жеринде жүргүзүлсүн».

 

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here