Ысык-Көл облусунда  Жарандык коргонуу иш-чараларынын 2018-жылдын жыйынтыгы болуп өттү

0
258 просмотров

2019 – жылдын  8 – февралында Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу иш-чараларынын 2018-жылдын жыйынтыгы болуп өттү. Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыктын ситуациялык залында, облустун ЖК башчысы А.Ш. Осмоналиев, облустун ыйгарым өкүлүнүн  аппарат жетекчиси Эсенгул уулу Улан, облустун ЫУӨнүн укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар  бөлүмүнүн башчысы К.С. Энтериев жана облустук ӨКМ башкармалыгынын башчысы полковник З.Джумагазиевдер катышышты.

2018-жылдын жыйынтыгында Жарандык коргонуу жаатында жакшы иш алып барган жетекчилер жана кызматкелер сыйланышты.

Ысык-Көл облусунан, облустун ЖК башчысы А.Ш. Осмоналиев төш белгиси   менен жана облустун ЫУӨнүн укуктук тартип жана ӨК бөлүмүнүн башчысы К.С. Энтериев «Ардак грамота» менен сыйланышты.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here