2019-жылдын 11-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз  Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
131 просмотров

Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүүcү күтүлөт!

         2019-жылдын 11-февраль күнү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолунун 98-123-135,176-185-чакырымдарында (Талдык ашуусу),   Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-90 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 7-февраль күнү №02-34/111 телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап

атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин а Гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу (74-76, 88-89, 100-115-чак.) жана Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык (98-123-135-чак.) унаа жолдорунда 2018-жылдын 9-февралынан 12-февралына чейин  артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

2019-жылдын 10-февраль күнү КР КК ГШнын минометтук эсеби жана КР ӨКМнин ыкчам тобу тарабынан Чоң-Алай районунун Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолунда кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргузүлгөн. Иш-чаралар 11-февраль күнү улантылат.

         Мындан сырткары Кара-Кулжа районунун Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КР КК ГШнын минометтук эсеби жана КР ӨКМнин ыкчам тобу тарабынан, 10-февраль күнү  аталган унаа жолдун 86-87-88-чакырымдарында (Көңдүк-Чаты тилкеси) кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Иш-чаралар 11-февраль күнү улантылат.

Жалпы 9-февралдан бүгүнкү күнгө чейин Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда 1200м3 кар көчкү түшкөн.

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

2019-жылдын 10-февралы саат 08:00дөн 11-февраль саат 08:00гө карата өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

күйгөн.КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.    4-АӨКБ

1 б

1 13:22 13:27 13:30 14:00 14:12   Биринчи Май району. Красная көчөсү №55 турак үйдүн бастырмасында 20 чарчы метр таштанды, рейка жана балкалар күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
2.    5-АӨКБ

1 б

1 14:16 14:22 14:29 14:46 15:02   Октябрь району. Логвиненко жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук өтүүчү түтүкчөнүн жанында 5 чарчы метр таштанды күйгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
3.    7-АӨКБ

1 б

1 21-54 22-03 22-21 23-14 23-43   Октябрь району. Кырман жаңы конушу 383, Нур-Тамчы көчөсүндөгү  үйдүн 30  чарчы метр  болгон мончонун жыгач устундуу темир жабылган чатыры, 2 пластик эшик, пластик терезе күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
4.    4-АӨКБ

1 б

1 01-51 02-00 —- 02-18   Ленин району. Жал кичи районунда турак үйдөн өрт чыкандыгы жөнүндө маалымат тастыкталган жок
5.    3-АӨКБ

1 б

1 03:35 04:13 04:19 05:13 05:51   Свердлов району. Ак-Тилек жаңы конушу Мажүрүмтал көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 25  чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Ош шаары
6.    13-АӨКБ

1 б

1 16:00 16:02 16:10 16:20 16:44   Ж.Раимбеков көчөсү, №7 үйдүн батиринин 4  чарчы метр дубалы жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. 1ствБ
Ош облусу
7.    53-ӨКБ

1 б

1 б

103-ӨКБ

1 б

1 17:42

 

17:45

20:50

17:54

 

17:58

21:10

21:53 22:15 23:35

 

22:02

23:35

  Өзгөн району. Дөң-Булак айыл аймагынын Бакмал айылында жайгакан заводдун от жагуучу жайында 50 кг мазут күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
Чүй облусу
8.    24-АӨКБ

1 б

1 18:13 18:18 18:28 18:32 19:15   Токмок шаары. З-кичи райондогу №7 үйдүн батиринин 20  чарчы метр шыбы жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
9.    8-АӨКБ

1 б

4-АӨКБ

1 б

1 02:24

 

02:47

02:40

 

03:13

03:31 04:27 05:11

 

05:30

  Аламүдүн району. Жеңиш жаңы конушунун Эркиндик көчөсүндө жыгач устундуу  темир менен жабылган 85  чарчы метр турак үйдүн чатыры, документтер жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен  19 жаштагы К.Э. аттуу жаран бутунан жаракат алып, тез жардам кызматкерлери тарабынан ооруканага жеткирилген. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2 ствБ
Талас облусу
10.           91-ӨКБ

1 б

1 17:47 18:15 18:22 19:20 22:50   Кара-Буура району. Молдо-Асан айылынын Садовая көчөсүндөгү үйдүн короосунда жыйылган 250 боо чөп күйгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. 1ствБ
Баткен облусу
11.           26-ӨКБ

1 б

1 10:10 10:22 10:36 10:49 11:22   Баткен району. Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылынын Ынтымак тилкесинде жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 6  чарчы метр чатыры жана 80 түк чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствА

1ствБ

12.           62-ӨКБ

1 б

1 04:15 04:21 бөлүм жеткенге чейин 05:15   Кызыл-Кыя шаары. Жусубалиев көчөсү №130 үйдүн батирдеги жылыткычтан чыккан өрт бөлүм жетекенге чейин өчүрүлгөн.

Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон:

  Бишкек шаары

 Октябрь району. 2019-жылдын 10-февраль күнү саат 18:40та  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 6-кичи райондогу №12/1 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

11-февраль күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here