Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө

0
17 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин а Гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу (74-76, 88-89, 100-115-чак.) жана Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык (98-123-135-чак.) унаа жолдорунда 2018-жылдын 9-февралынан 12-февралына чейин  артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

2019-жылдын 10-февраль күнү КР КК ГШнын минометтук эсеби жана КР ӨКМнин ыкчам тобу тарабынан Чоң-Алай районунун Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолунда кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргузүлгөн. Иш-чаралар 11-февраль күнү улантылат.

         Мындан сырткары Кара-Кулжа районунун Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КР КК ГШнын минометтук эсеби жана КР ӨКМнин ыкчам тобу тарабынан, 10-февраль күнү  аталган унаа жолдун 86-87-88-чакырымдарында (Көңдүк-Чаты тилкеси) кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Иш-чаралар 11-февраль күнү улантылат.

Жалпы 9-февралдан бүгүнкү күнгө чейин Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда 1200м3 кар көчкү түшкөн.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here