2019-жылдын 12-февралы  саат 08:00гө карата  Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
67 просмотров

Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат!

         2019-жылдын 12-февралынан 14-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 165-179-чакырымдарында (Талдык, Катынарт ашуусу), 218-224-чакырымдарында (Тоң-Мурун ашуусу), Сары-Таш-Кара-Мык унаа жолунун 98-123-135-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-90-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 11-февраль күнү №02-34/127 телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап

атып түшүрүү иш-чаралары

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (74-76, 88-89, 100-115-чак.) жана Сары-Таш-Кара-Мык (98-123-135-чак.) унаа жолдорунда 2019-жылдын 9-февралынан 12-февралына чейин, Бишкек-Ош унаа жолунда (121-138-чак. Төө-Ашуу ашуусу, 198-265-чак. Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 11-февралдан 16-февралга чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу Чоң-Алай районунун Сары-Таш- Кара-Мык унаа жолунда кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары  жүргүзүлүп, 11-февраль куну аяктады.

         Ал эми Кара-Кулжа районунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын натыйжасында 11-февраль күнү 2000м3 кар көчкү түшкөн. Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары аяктаганына байланыштуу, КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР КК ГШнын минометтук эсеби өздөрүнүн туруктуу жайгашкан ордуларына кайтып келишкен.

         Жалпы 9-февралдан 12-февралга чейин Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда 3200м3 кар көчкү түшкөн.

         Мындан сырткары Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруп жаткан КР КК ГШнын артиллериялык эсеби жана КР ӨКМнин ыкчам тобу тарабынан, 11-февраль күнү жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 6000м3 кар көчкү түшкөн. 12-февраль күнү иш-чара улантылат.

         11-февраль күнү Бишкек-Ош унаа жолунда 6000м3 кар көчкү түшкөн.

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

2019-жылдын 11-февралы саат 08:00дөн 12-февраль саат 08:00гө карата өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.    4-АӨКБ

1 б

1 09:29 09:40 Жеткенге

чейин

10:25   Биринчи Май району. Исанов көчөсү №105/1. Көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөөсүндө желдеткич  күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
2.    6-АӨКБ

1 б

1 11:12 11:14 11:26 11:42 11:58   Ленин району. Садыгалиев жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде “Ауди А6” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр жабдыктарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ
3.    2-АӨКБ

1 б

1 14:09 14:14 14:16 14:40 15:26   Свердлов району. Келечек конушундагы №14 көчөсүндөгү аянты 35 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 2015-жылы туулган Т.Н., 2016-жылы туулган Т.З. жана 2017-жылы туулган Т.А. аттуу балдар түтүнгө ууланышып, ооруканага жеткирилген. Абалдары орто. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Ош шаары
4.    13-АӨКБ

1 б

1 19:30 1940 19:46 20:14 20:36    Шакиров көчөсү №228/3.  Турак  үйдүн  18  чарчы метр шыбы жана үй оокаттары  күйгөн.  Өрттүн  келип чыгуу себеби   такталууда 1 ствБ
Чүй облусу
5.    21-АӨКБ

1 б

1 10:04 10:12 10:20 10:30 10:48   Токмок шаары. Жантаев көчөсү №44. Жылуулук өтүүчү кудуктун ичинде 10  чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
6.    27-АӨКБ

1 б

1 21:39 21:44 21:50 22:31   Ысык-Ата району. Кант шаары, 2-кичи району. Ленин жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес-Бенц жана ХОВА оор жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Мерседец-Бенц үлг үсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгүнөн өрт чыккан. Өрттүн келип чыгуу себеби: автотранспорттук техникаларды пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. 1ствБ
7.    6-АӨКБ

2 б

1 02:04

02:20

02:18

02:34

02:42 03:26 04:40

04:14

  Сокулук  району. Новопавловка айылы,  Корсаков  көчөсү №112. Жыгач устундуу шифер жабылган 150  чарчы метр  турак үй толугу менен  күйгөн.  Өрттүн кесепетинен 1992-жылы туулган Т. у М. колу жана бетинен күйүк алып, ооруканага жеткирилген, абалы орто.  Өрттүн келип чыгуу себеби: жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү. 2ствБ
Жалал-Абад облусу
8.    20-АӨКБ

1 б

1 13:13 13:16 13:25 13:30 13:50   Жалал-Абад шаары. Ала-Тоо көчөсү №40. Айгүл соода борборунун 2-кабатында жайгашкан сулуулук салондун ичинде  кийим тигүүчү машина, үтүк жана үлпөт көйнөгү күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр жабдыктарын куроодо жана пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ
9.    78-ӨКБ

1 б

1 14:03 14-19 14:27 14:53 15:15   Базар-Коргон району. Сейди-Кум  айыл аймагы, Кызыл-Ай айылы, Осмонов көчөсү №4. Вагондун ичинде керебет жана 2 матрас күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
10.           65-ӨКБ

1 б

1 14:30 15:16 15:22 16:22 17:30   Сузак району. Кара-Дарыя айыл аймагы,  Дөш айылы.  Жыгач устундуу шифер жабылган 108  чарчы метр  турак үй толугу  менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен үй эмеректери, документтер, эшик, терезелер күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2ствБ
11.           55-ӨКБ

1 б

1 15:41 16:00 16:03 16:21 17:15   Ноокен району. Кочкор-Ата шаары, Т. Султанов көчөсү №70.  Жыгач устундуу шифер жабылган  бастырманын 90  чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
Талас облусу
12.           17-АӨКБ

1 б

1 13:30 13:43 13:57 14:10 14:38   Талас району. Көк-Ой айылы. Эки кабаттуу турак үйдүн 2-кабатынын 10  чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: мешти курууда жана пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
13.           19-АӨКБ

1 б

1 14:54 15:05 15:15 16:04 17:45   Балыкчы шаары. Панфилов көчөсү №94/1. Жыгач устундуу шифер жабылган  сарайдын 26  чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда 1ствБ
Ош облусу
14.           64-ӨКБ

1 б

1 21:34 21:41 22:00 22:41 23:13   Араван району. Юсупов айыл аймагы, Айдаров көчөсү. Жыгач устундуу  шифер жабылган турак үйдүн 20  чарчы метр  чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон:

  Бишкек шаары

 Свердлов району.         2019-жылдын 11-февраль күнү саат 12:28де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Абдрахманов көчөсүндөгү №105/1 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

 Токмок шаары. 2019-жылдын 11-февраль күнү саат 16:25де  КР ӨКМнин №24 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары 3-кичи районундагы №14 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Нарын облусу

 Нарын шаары. 2019-жылдын 11-февраль күнү саат  06:55де Ленин көчөсүндөгү №97 үйдүн батиринин ысык суу түтүгү жарылган. КР ӨКМнин №16 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары сууну токтотуп беришкен.

12-февраль күнү өлкө  аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында,  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here