КР ӨКМнин Ош  облусу боюнча   башкармалыгы бош административдик мамлекеттик кызмат орундарга ачык сынак жарыялайт

0
159 просмотров

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана

муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык, 

КР ӨКМнин Ош  облусу боюнча   башкармалыгынын бош административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөө үчүн  ачык КОНКУРС жарыялайт:

Араван району боюнча Өзгөчө кырдаалдар  бөлүмүнүн Жарандык коргонуу бөлүмчөсүнү жетектөөчү адиси (К-Б) – 1 бир.

      квалификациялык талаптар:

            — билими – жогору, төмөнкү багыттар боюнча: техникалык, табигый илимдер, экономика жана башкаруу,архитектура жана курулуш, физика жана математика, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдардан коргонуу,өрт коопсуздугун камсыздоо;

  — кенже мамлекеттик жарандык кызматка жалпысынын 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы, улук мамлекеттик жарандык кызматка тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес же иш стажы ;

     Билгичтиги:

— өзгөчө кырдаалдар учурда иштөөгө физикалык чыдамкайлуу;

— чоң көлөмдүү маалыматтар менен иштөө жөндөмдүүлүгү;

          — курулуш эрежелери жана нормаларын билүү;

Төмөнкүлөрдү билүү: жалпы мыйзам актылары- КР Конституциясы, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,  “Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актылары жөнүндө”,  “Жарандардын  кайрылууларын  кароо тартиби жөнүдө”, “Коррупцияга  каршы аракеттенүү жөнүндө”  “ Мамлекеттик  жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19.08  №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык  кызматчыларынын этика кодекси.

жана тиешелүү тармактар боюнча- “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-ж. 17.11 № 733 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”.

Функционалдык милдеттери:

  • жарандык коргонуу планын долбоорун иштеп чыгуу, сунуш берүү;
  • отчетторду иштеп чыгуу жана корректировкалоо;
  • жарандык коргонуу боюнча окутуулардын иш кагаздарын иштеп чыгуу;

           Конкурска катышуу учун төмөндөгү документтер керектелет:

  • кызматчынын өз колу менен толтуруп жана колу коюлган белгиленген формадагы сүрөтү тиркелген кадрлар эсеби боюнча өздүк барагы;
  • резюме;
  • өмүр баян;
  • жогорку билими тууралуу документтин (диплом) көчүрмөсү (нотариалдык конторадан  же иштеген жеринен тастыкталган);
  • кесиптик кайра даярдыгы жана квалификациясынжогорулатуу жөнүндө күбөлөндүрүлгөн иш кагаздары;
  • паспорт көчүрмөсү;
  • эмгек  китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык  конторадан  же   иштеген  жеринен  тастыкталган);
  • жарандык абалдын актыларын катоо жөнүндө күбөлүгүнүн (ЗАГС) күбөлөнгөн көчүрмө;
  • жарандын соттолбогондугу тууралы маалымкат;
  • кызматкерге класстык чен, наамын берүү жөнүндө иш кагаздар көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);
  • Аскердик учету жөнүндө иш кагаздар көчүрмөлөрү.

      Документтер  массалык маалымат каражаттарында (гезитке жарыя ) кылынгандан кийин 10 жумушчу  күндүн ичинде кабыл алынат, ал эми конкурс өтө турган күн талапкерлерге кошумча билдирилет.  

      Дареги : Ош шаары, Моминовой көчөсү,11., 4-этаж, кадр бөлүмүнүн.  Байланыш телефону: (03222) 2-72-68.

Кошумча маалыматты  Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (www.mes.gov.kg)  жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын   (www.mkk.gov.kg) сайттарынан  алса болот.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here