Куткаруучу эл аралык турнирде жеңишке ээ болду

0
44 просмотров

Бүгүн, 2019-жылдын 12-февраль күнү КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын улук куткаруучусу Руслан Кударбердиевди кулатуу эр таймаш боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болушу менен куттуктады.

 Белгилей кетсек, КР ӨКМнин РӨКОнын куткаруучусу Руслан Кудайбердиев, 2019-жылдын 10-февралында Бишкек шаарында WEF PROFFIGHT уюмунда өткөрүлгөн профессионалдар аралык эл аралык турнирде “ кулатуу эр таймаш” боюнча Бостон Анарбаевди жеңип, диплом жана убактылуу кур менен сыйланган. Жеңүүчүнүн айтымында, 2019-жылдын  апрель айында чемпиондук кур үчүн беттешке чыкмакчы.

Куткаруучу Кудайбердиев Руслан 1992-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кыргыз –Чек айылында туулган. Билими жогорку, Ош технологиялык унииверситетинин  Өзгөчө кырдаалдардан коргоо кафедрасынын бүтүрүүчүсү. 2018-жылдан бери КР ӨКМде куткаруучу болуп эмгектенет.

Министрликтин жалпы эмгек жамааты Руслан Кудайбердиевдин бул жеңиши менен куттуктайт жана сыймыктанат.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here