ӨКМ: январь айында өрт кырсыгы  54, 6%га азайган

0
291 просмотров

2019-жылдын январь ай ичинде республика боюнча 191 өрт кырсыгы катталып (2018-ж. 421) өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр  54, 6% азайган. Өрттөн 4 адам каза болгон,  (2018-жылы 21 адам  анын ичинде – 1 жаш бала). Өрттөн 11 адамдын өмүрү (2018-ж. 21 адамдын өмүрү) жана 34 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2018-ж 13 млн. сом).

              Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу -47.5%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -47,2%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда -70.8%, балдардын от менен ойноосунан -69,0%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан            -56.7% турак жай секторунда болгон.

        Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (38) каза болгондор жок, Бишкек ш. (34) каза болгондор жок, Жалал-Абад областында (30) каза болгондор жок, Ош облусунда (22) каза болгондор жок, Ош шаарында (19) 3 адам каза болгон, Ысык-Көл областында (17) 1 адам каза болгон, Талас облусунда (13) каза болгондор жок,  Баткен облусунда (11) каза болгондор жок.Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (136) , өрттөн 4 адам каза тапкан.

        2019-жылдын  январь айында республиканын  өрттүн алдын алуу органы тарабынан өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында 468 жолу 16 325 адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда (айылдык жана кварталдык)        Чарба жүргүзүүчү объекттердин өрткө каршы абалы жөнүндө бийлик органдарына жана кызыкдар ведомстволорго 196 маалымат жөнөтүлгөн.

        Кышкы өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

         бузук мештерди жана морлорду колдонбогула;

         от жагуучу мезгилге чейин адамдардын өлүмүн жана жаракат алуусун болтурбоо үчүн мештерди жана морлорду чаңдан жана көөдөн тазалоо керек;

         бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;

         колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбогула;

         күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;

         балдарды кароосуз калтырбагыла;

         күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

         электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз.

 КР ӨКМдин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here