Кара-Кулжа районунда имараттардагы өрт кырсыгынын   алдын алуу боюнча  иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө

0
332 просмотров

КР ӨКМнин  Кара-Кулжа району боюнча бөлүмүнүн  имаратында  “Ш.Жээнбеков” атындагы лицей — интернат мектебинин жана “О.Сайдилканов” атындагы гимназия мектебинин окуучулары үчүн ачык эшик күндөрү өткөрүлдү.

 Иш-чаранын максаты өрттүн алдын алуу жана өрт өчүруүчү шаймандарды колдонууну окуучуларга үйрөтүү.

  Ошондой эле,    “Ж. Ибраимов”, “М.Баатыров”, “А.Осмонов”, “Ш.Жээнбеков” “О.Сайдилканов” атындагы орто мектептердин окучуларына “Эгер сиздин мектепте өрт чыкса эмне кылуу керек?” деген темада лекция өткөрүлдү.

   Лекцияга 9 жерде 163 окуучу катышты.

Ал эми “Ош 3000” борбордук базарындагы соодагерлерге өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here