ӨКМ: Өрт коопсуздугунун эрежелерин сактаңыздар!

0
248 просмотров

 Өрт кырсыгынын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдарды азайтуу, адам өмүрлөрүнүн кыйылышына жол бербөө максатында,  КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Өрт өчүрүү алдын алуу жана авариялык куткаруу иштери бөлүмүнүн офицерлери жана Жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы майор Н.Исмаилов менен биргеликте Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан 39 соода түйүндөрүнүн соодагерлерине 71 адамга өрт коопсуздук эрежелерин камтыган сунуш баракчалар таркатылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 Кышкы өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун төмөнкү эрежелерин сактоо зарыл:

—         бузук мештерди жана морлорду колдонбоо керек;

—         от жагуучу мезгилге чейин адамдардын өлүмүн жана жаракат алуусун болтурбоо үчүн мештерди жана морлорду чаңдан жана көөдөн тазалоо керек;

—         бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбоңуздар;

—         колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбонуздар;

—         күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабаңыздар;

—         балдарды кароосуз калтырбаңыздар;

—         күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабаңыздар;

—         электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпоо керек.

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын так сактоо менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүңүздү  гана сактабастан адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here