2019-жылдын 18-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
243 просмотров

 КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

        2019-жылдын 17-февралы саат 08:00дөн 18-февралынын саат 08:00го карата өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.    4-АӨКБ

1 б

1 09:29 09:35 —- —- 10:08 Ленин району. Ден Сяопин жана Интргельпо көчөлөрүнүн кесилишинде унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок. —-
2.    6-АӨКБ

1 б

1 13:19 13:28 13:45 13:47 14:16 Ленин району.  Лущихин көчөсү №201. Жыгач устундуу темир жабылган мончонун 10 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
3.    5-АӨКБ

1 б

1 18:02 18:14 Жеткенге чейин 18:46 Октябрь району. Токомбаев көчөсү №35 дарегинде жайгашкан ашканасынын шыбы түтөгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. —-
4.    7-АӨКБ

1 б

1 22:15 22:29 22:43 22:56 23:15 Свердлов району. Көлбаев көчөсү №68. Кампанын 15  чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Ош шаары
5.    12-АӨКБ

2 б

1 08:48

09:07

08:50 09:12 09:24 10:08

09:18

Курманжан-Датка көчөсү 224А/1. Кафенин 40  чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Ош облусу
6.    66-ӨКБ

2 б

1 03:25

03:46

03:35

04:09

04:44 05:50 06:50

06:50

Кара-Кулжа району. Кара-Кулжа айыл аймагы, Биринчи Май айылы. Жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 88  чарчы метр чатыры жана бир бөлмөнүн 12  чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: отко этиятсыздын менен мамиле кылуу. 2ствБ
Жалал-Абад облусу
7.    20-АӨКБ

1 б

1 18:39 18:45 18:46 18:50 19:05 Жалал-Абад шаары. Осмонов көчөсү. Жеке менчик кампанын аймагында 1 дөңгөлөк күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Нарын облусу
8.    47-ӨКБ

1 б

1 17:25 17:28 17:26 17:59 18:24 Ак-Талаа району. Баетов айылы, Мурзалымбеков көчөсү №28. Мончонун от жагуучу бөлмөсүнүн 28  чарчы метр жыгач жасалгасы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: мешти пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу. 1ствБ

 Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон:

  Бишкек шаары

 Ленин району. 17-февраль күнү саат 08:22 чамасында Интергельпо жана Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде  “Лексус-470”  үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, электр карагайын сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам жабыркаган. КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Чүй облусу

Жайыл району. 17-февраль күнү 05:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 162-чакырымында “Мерседес-Бенц-Спринтер” үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде токтоп турган “Мерседес-Бенц-Гигант” үлгүсүндөгү унаанын артынан келип сүзгөн. Жол кырсыктын кесепетинен 6 адам ар кандай жаракат алышкан. КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары жерине барып, кыпчылып калган 2 адамды чыгарышкан. Жабыркагандар тез жардам кызматы тарабынан Жайыл райондук ооруканага жеткирилген.

Баткен облусу

 Лейлек району. Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылынын Асти-Дөөт тилкесинде  жашаган жарандардын турак үйлөрүнө, аскадан таш кулоо коркунучу жаралган.

Аскадагы таштардын кулоосун алдын алуу максатында, 17-февраль күнү  КР ӨКМнен 15 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 12 адам тартылып, коркунуч жараткан таштар коопсуз жерге жылдырылган.

18-февраль күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар,  тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын  облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Баткен облусу

         2019-жылдын 16-февраль күнү Лейлек районунун  Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылынын Асти-Дөөт тилкесинде жашаган адамдардын турак үйлөрүнө таш кулоо коркунучу жаралган.

         Аталган аймакта 2019-жылдын 1-февраль күнү тоодон 0,8 м3 көлөмдөгү таш кулап, 1 турак үйдүн сарайынын дубалын талкалаган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

         Жерине КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, Лейлек райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин №26 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 3-Өзүнчө издеп  куткаруу отрдынан 7 куткаруучу, КамАЗ унаасы, жергиликтүү тургундардан 12 адам  тартылган.

         17-февраль күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде аскадагы турак жайларга коркунуч жараткан таштарды коопсуз жерге жылдыруу иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жалпы 27м3 таш жылдырылган.

Жалал-Абад облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

         Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын  Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 17-февраль күнү саат 10:44тө  Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кара-Көл шаарында жана Токтогул районунун Саргата, Үч-терек, Бор-Дөбө айылдарында  3,5 баллга, Жетиген, Кара-Жыгач айылдарында  3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here