Баткен районунда чек арадагы кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча машыгуу өткөрүлүүдө 

0
211 просмотров

2019-жылдын 19-20-февраль күндөрү Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылындагы Б.Нарматов жана К.Турмаматов атындагы орто мектептеринде   КР ӨКМнин Баткен райондук бөлүмүнүн куткаруучулары, КР ӨКМнин 3-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары жана Улуттук Кызыл-Ай коому менен биргеликте “Чек арадагы кырсыктардын тобокелин азайтуу ” долбоорунун алкагында машыгуу өткөрүлдү.

      Машыгуунун максаты чек ара тилкелеринде катталуучу табигый кырсыктардын кесепеттерин  тез арада биргеликте жоюу боюнча жергиликтүү элге жана Жарандык коргонуу кызматтарына  практика жүзүндө үйрөтүү болуп саналат.

         Машыгуунун сценарийи боюнча 2019-жылдын 19-февраль күнү саат 9:50дө Кара-Бак айыл аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталып, жер титирөөдөн жогорудагы орто мектеп жабыркап, ошондой эле өрт кырсыгы катталган. Кырсык болгон жерде  кээ бир окуучулар имараттын ичинде калып, ошондой эле кээ бир окуучулар ар түрдүү жаракаттарды алып биринчи медициналык жардамга муктаж болгон.

         Маалымат саат 9.53 Баткен шаарындагы “101” кызматына келип түшөөр замат куткаруучулар чыгып кетишкен. Ошондой эле “101” кызматынан “102”, “103” жана куткаруу командаларына кабар берилген. Куткаруучулар кырсык болгон жерге ыкчам жетишип, өрттү өчүрүү менен биргеликте жабыркаган тургундарды жана мектеп окуучуларын коопсуз жайга көчүрүлүп, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

                   Бүгүн, 2019-жылдын 21- февралы күнү мындай иш-чара Кара-Бак айыл өкмөтүнүн чек арада жайгашкан Достук айылында өткөрүлүүдө.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here