Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чарада “Манас” айтылды

0
164 просмотров

Бүгүн, 2019-жылдын 21-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Эл аралык эне тил күнүнө карата “Элдин өмүрү – анын тилинде” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, аймактык башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн өздүк курамдары катышты. Ошондой эле конок катары жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана манасчы Рысбай Исаков чакырылды.

Иш-чарада манасчы Р.Исаковдун аткаруусунда “Манас” айтылып, министрликтин кызматкерлери тарабына кыргыз тилинде көркөм ырлар окулуп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү айрым көйгөйлөр талкууга алынды.

КР ӨКМ басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here