Жалал-Абад шаарында ӨКМдин адистери тарабынан окуучулар үчүн иш-чара уюштурулду

0
106 просмотров

2019-жылдын 20-фераль күнү Жалал-Абад шаарындагы №7 орто мектебинин окуучуларына Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан «Орто мектептерде өзгөчө кырдаалдар жана өрт кырсыктары болгондо көрүлүүчү чаралар жана иш-аракеттер» деген темада практикалык окутуу өткөрүлдү.

Башкы максаты өзгөчө кырдаалдар жана өрт кырсыктары болгон учурда шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан көрүлүүчү чараларды жана иш-аракеттерди мектеп окуучуларына практикалык түрдө үйрөтүү.

Ошондой  эле 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата шаардык аскер комиссариаты менен биргеликте мектептин 9-11 класстарынын арасында «Кана эмесе жигиттер» деген аталышта аскердик-спорттук конкурс өткөрүлдү.

Бул иш-чара өсүп келе жаткан жаш муунду сергек жашоого жана патриоттуулукка тарбиялоо.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана баалуу белектер тапшырылды.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here