Кара-Суу районунда Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата конкурстар уюштурулду

0
867 просмотров

                   КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Ата-Мекенди коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында КР ӨКМнин Кара-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Кара-Суу шаарындагы №67 Каримжан Рахимов атындагы орто мектебинин 10-11-класстары арасында “Ата-Мекенди көздүн карегиндей сакта”деген темада иш-чара уюштурулду.

Иш-чаранын максаты жаш муунду патриоттуулукка, Ата-Мекенди коргоого, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого үйрөтүү болуп саналат.

 Анын алкагында өрт коопсуздугу жана Жарандык коргонуу эрежелерин окутуп үйрөтүү максатында жалпысы 131 окуучуга түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Ошондой эле, 2019-жылдын 21-февраль куну Кара-Суу шаарындагы №66 В.И Ленин атындагы орто мектебинде “Чамдагыла балдар” аттуу темада жарыш 10-11-класстар арасында уюштурулду.

Иш-чаранын аягында мыктылар аныкталып, Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан ардак грамоталар, баалуу белектер менен сыйланышты.

Жалпы 15 мугалим, 271 окуучу катышышты.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here