Министри Нурболот Мирзахмедовдун 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата куттуктоо сөзү

0
2 174 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата куттуктоо сөзү:
» Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди 23-февраль “Ата-Мекенди коргоочулардын күнү” улуу майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.
Чептен эрдин күчү бек – дегендей, бул майрам Мекенди сүйүүнүн, коргоонун, эрдиктин жана ар-намыстын символу болуп эсептелет.
Ар бир майрам өз маани маңызы менен, ал эми бул майрам касиеттүү майрам экендиги менен улуу болушу керек.
Сиздерге ар бириңиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр,бакыт-таалай, ар бир үй-бүлөгө ырыскылуу ынтымакты каалап, өлкөбүздүн бейпилдиги, эркиндиги, бакубат жашоосу ар бирибиздин ак пейилдүү асыл максаттарыбызга, ак эмгегибизге байланыштуу экендигин белгилеп кетким келет.
Сиздерди ар дайым ийгиликтер, ишенимдүү достук, ачык мүмкүнчүлүктөр коштоп жүрсүн! Ар дайым бар болуңуздар, көксөгөн тилектер ишке ашып, улуу майрам кут болсун!

Өлкөбүздө ар дайым тынчтык жана бейпилдик өкүм сүрсүн!

Сиздерге ийгилик, барчылык, токчулук тилеп, терең урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө

кырдаалдар министри Н.С. Мирзахмедов».

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here