Ноокат районунда электр зымдарынын кыска туташуусунун кесепетинен турак үй өрттөндү

0
307 просмотров

2019-жылдын 23-февраль күнү саат 21:05 чамасында Ош облусунун Ноокат районунун Үч-Бай айылындагы Мадиханов көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 86 чарчы метр чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №71 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылып, өрт саат 22:00дө чектөөгө алынып, саат 22:21де толук өчүрүлгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби электр зымдарынын кыска туташуусу болгон.

КР ӨКМнин адистери өрт коопсуздугунун эрежелерин,  айрыкча, электр приборлорун пайдаланууда өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, үйдөн чыгып кетип бара жатканда электр приборлорун өчүрүп чыгууну эскертишет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here