Өрт кырсыгын алдын алуу боюнча тактикалык машыгуу өткөрүлдү

0
258 просмотров

27-февраль күнү Кемин районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №5 ӨККБтүн тарабынан Орловка шаарынын 2 орто мектебинде өрт өчүрүү жана куткаруу иштерин жүргүзүү багытында, өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Өрт кырсыгы, мектептин экинчи кабатындагы химия кабинетинде белгиленип, бир өрт өчүрүчүү техникасы жана бир авариялык-куткаруу уунасы тартылды. Өрт кырсыгы мугалидерге жана окуучуларга зыян келүүсүнө жол бербөө максатында өрттүн очогуна эки «Б» суу өтмөгү аркылуу өрт өчүрүүчү зат берилип, өз убагында 15м2 өрттүн аянты өчүрүлдү.Өрт өчүрүүчү-куткаруучулар, мектептин мугалимдери менен биргеликте окуучуларды коопсуз аймакка чыгарышты. Иш чарага жалпысынан 40 мугалим 350 окуучу катышты. Өрттүн алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча нускама жүргүзүлдү.

КР ӨКМ басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here