Кант шаарында өрттүк –тактикалык машыгуу өттү

0
265 просмотров

Бул тууралуу КР ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы майор Азиз Эгембердиев билдирди.
“Өрттүк-тактикалык машыгуу бүгүн, 26-февралда Ысык-Ата районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Кант шаарынын борбордук базарында өрт өчүрүү жана куткаруу иштерин жүргүзүү багытында өткөрүлдү. Шарттуу түрдөгү өрт кырсыгы, борбордук базардын ортосунда белгиленип, эки өрт өчүрүүчү техника тартылган. Өрт кырсыгы адамдардын өмүрүнө жана көп суммадагы материалдык чыгымдын алып келүүсүнө жол бербөө максатында, өрт өчүрүүчү зат берилип, өз убагында 70 м2 өрттүн аянты өчүрүлдү. Өрт өчүрүүчү, куткаруучулар менен базардын администрациясы биргеликте сатуучулар менен кардарлар коопсуз аймакка чыгарылды. Чогулган жарандарга (жалпы 60 адам) өрттүн алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча нускама жүргүзүлдү,”- деп билдирди майор А.Эгембердиев

Өрттүк-тактикалык машыгуу өз максатына жетти жана жогорку деңгээлде өткөрүлгөндү.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here