Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылдын март айында күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүнүн болжолдоосу

0
183 просмотров

 ЧҮЙ ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

 Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5º жогору болуп, 4…7° жылуу, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 1…3° жылуу болушу күтүлөт.

Абанын эң төмөнкү температурасы айдын биринчи он күндүгүндө болушу мүмкүн, кээ бир күндөрү абанын түнкү температурасы -3…-8° суукка, күндүз 0…5° жылуулукка чейин төмөндөшү күтүлөт. Ай ичинде көпчүлүк күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктан 2…7° жылуулукка чейин, күндүз 8…13° жылуулуктан 15…20° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 43-56 мм, тоо этектериндеги райондордо 30-52 мм).

 ТАЛАС ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

 Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5º жогору болуп, 3…5° жылуу болушу күтүлөт.

Айдын башында кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -4…-9° суукка, күндүз 0…5° жылуулукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктан 1…6° жылуулукка чейин, күндүз 7…12° жылуулуктан 14…19° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (35-37 мм).

 ОШ, ЖАЛАЛ-АБАД ЖАНА БАТКЕН ОБЛУСТАРЫНЫН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

 Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5º жогору болуп 7…9°, тоо этектериндеги райондордо 3…5° жылуу болушу күтүлөт.

Айдын башында кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° суукка, күндүз 1…6° жылуулукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5° жылуулуктан 6…11º жылуулукка чейин, күндүз 10…15° жылуулуктан 16…21° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -2° суук…3° жылуулуктан 4…9° жылуулукка чейин, күндүз 7…12° жылуулуктан 13…18° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (26-91 мм, тоо этектериндеги райондордо 34-122 мм).

 ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5º жогору болуп 2…4° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7° сууктан 1…6º жылуулукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (5-16 мм, чыгышында 29-35 мм).

НАРЫН ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

             Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5º жогору болуп 0…2º жылуу, Кочкор районунда 1…3° жылуу болушу күтүлөт.

Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз 0…5° жылуу болушу айдын биринчи жарымында күтүлөт. Айдын экинчи жарымында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн 0…-5° суукка, күндүз 3…8° жылуулукка чейин, Кочкор районунда 10…15° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

            Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (20-35 мм).

ЖАЙЫТТАР ЗОНАСЫ

 АЛАЙ ӨРӨӨНҮ

                        Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп -7…-9º суук болушу күтүлөт.

            Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12° сууктан -15…-20° суукка чейин, күндүз  -3…-8° сууктан 0…5° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болушу күтүлөт (32-34 мм).

 СУУСАМЫР ӨРӨӨНҮ 

                        Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5º жогору болуп, -7…-9° суук болушу күтүлөт.

Абанын эң төмөнкү температурасы айдын биринчи он күндүгүндө күтүлүп, түнкүсүн -18…-23°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт. Айдын экинчи жарымында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу күтүлөт.

            Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (23-25 мм).

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here