Нарында суу каптоо коркунучунун  алдын алуу иштери улантылууда

0
292 просмотров

2019-жылдын 26-февралында Нарын облусунун Нарын районунун Кара-Кужур айыл аймагынын Жер-Көчкү айылынын түндүк тарабындагы тоо этегиндеги жер алдынан чыккан суулар (булак) тоңуп суу ашып, натыйжада 3 турак үйдү, ички жолдорду жана көпүрөнү каптап кетүү коркунучу жаралган.

         Жерине КР ӨКМнин Нарын райондук  бөлүмүнүн ыкчам тобу, жергиликтүү тургундардан 17 адам тартылган.

         КР ӨКМнин Нарын облустук башкармалыгы тарабынан берилген 100 даана жана айыл аймагы тарабынан берилген 200 даана каптарга кум топурактар салынып, суунун нугун буруу иштери жүргүзүлгөн. 27-февраль күнү жумуш улантылат.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here