Ош шаарында китепканада чыккан өрттү өчүрүү боюнча машыгуу өткөрүлдү

0
635 просмотров

2019-жылдын 27-март күнү КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалы тарабынан Ош шаарынын Джим көчөсүндө жайгашкан Ош медициналык колледжинин №2 окуу корпусунун имаратында өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Өрттүк-тактикалык машыгуунун максаты   өздүк курамдардын практикалык билим деңгээлин жогорулатуу  жана ар кандай мүнөздөгү өрт кырсыктарын өчүрүүнүн ыкмаларын үйрөтүү болуп саналат.

Машыгуунун мерчемине ылайык, КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын борбордук байланыш түйүнүнө окуу жайдын 2-кабатында жайгашкан китепканада өрт чыккандыгы тууралуу кабар түштү.  Кырсык болгон жерге  КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын №13, №12 Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн 3 өрттүк автоунаа жана Куткаруу кызматы тартылып, өз убагында келген  куткаруучулар өрт кырсыгынан 1 адамдын өмүрүн сактоо менен 20 адамды эвакуациялап, газ түтүндөн коргоо кызматынын аппараттарынын жардамы менен өрттү жанаша жайгашкан бөлмөлөргө өткөрбөстөн өз убагында өчүрүп калышты.

Машыгууга медицина, ОшРЭТ жана милиция кызматкерлери тартылды. Эскерте кетчу нерсе, аталган имаратка жакын жайгашкан аймак суу булактары менен камсыздалган эмес.

Мындай машыгуулар бекитилген пландын негизинде ар кварталда өткөрүлүп келет.

 Машыгуунун жүрүшүндө КР ӨКМнин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун адистери тарабынан китепканада чыккан өрттү өчүрүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: 2019-жылдын эки ай ичинде Ош шаарынын аймагында 30 өрт кырсыгы катталып, тилекке каршы 4 адам каза болгон.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here