Баткен районундагы кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертмелер таркатылды

0
1 701 просмотров

2019-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен шаардык жана Баткен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Дара аймагындагы Кайынды, Жаңырык, Табылгы, Сарыталаа, Тунук-Суу жана Кан айылдарындагы жер көчкү, сел, таш кулоо кооптуулугу жогору болгон участоктордо жашап жаткан тургундарды коопсуз жайга чыгаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, эскертмелер берилди.

Бул тууралуу ӨКМдин Баткен шаардык жана Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы майор Т.Турдуев билдирди.

Анын айтымында, Баткен районунун Жарандык коргонуу башчысы тарабынан Дара айыл аймагынын башчысына кооптуу участокто жашаган тургундарды коопсуз жайга убактылуу болсо да көчүрүү боюнча тапшырмалар берилип, убактылуу көчүрүү жумуштары башталды.

Жалпы кооптуу аймакта жашаган 49 үй бүлөөгө эскертме баракчасы таркатылды.

Ошондой эле, «Жашылдандыруу» долбоорун ишке ашыруу максатында КР ӨКМнин Баткен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен биргеликте Дара аймагынын Табылгы айылындагы жер көчкү коркунучу бар жерге 500 даана бадам көчөттөрүн отургузушту.

КР ӨКМин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here