Ош шаарында “Жашылдандыруу” долбоордун алкагында кооптуу аймактарга 500 түп көчөт тургузулду

0
961 просмотров

КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен биргеликте Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Озгур айылынын күн чыгыш тарабындагы адырларды жашылдандыруу максатында 500 түп көчөт отургузушту.

Озгур айылындагы  269-контур жер тилкеси жаан-чачын болгон мезгилде сел суулары жер кыртышынын бузулушуна алып келүүчү 0,7 га жер аянтты жашылдандыруу КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын 2019-жылдын жаз аймларындагы иш мерчемине киргизилип, натыйжада 2019-жылдын 25-26-март күндөрү жалпысынан  0,7га жерге 200 түп бадам, 200 түп өрүк, 100 түп айлант отургузулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында Озгур айылынын жогору тарабындагы 15 турак-жай, автоунаа өтүүчү жол жана төмөндөгү “Южный” каналынын 500 метр аралыктагы жер кыртышынын бузулушунун алдын алынып, сакталмакчы.

                         Аталган иш-чара, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы №58 “Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепсиясы жөнүндө” токтому менен бекитилген концепсияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар мерчеминде каралган “Жашыл” долбоорду ишке ашыруу максатында аткарылды.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here