Бишкектеги эмерек жасоочу цехте катталган өрттүн келип чыгуу себеби такталууда  

0
2 083 просмотров

2019-жылдын 28-март күнү саат 18:55 чамасында  Бишкек шаарынын Октябрь районунун Матросов көчөсүнүн №1а дарегинде жайгашкан эмерек жасоочу цехтен өрт чыккан. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1500 чарчы метрди түзгөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

         Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Октябрь райондук №5 Аскерлештирилген өрт –куткаруу бөлүгүнөн (АӨКБ) 2 бөлүм, КР ӨКМнин Свердлов райондук райондук №7 АӨКБдан 1 бөлүм, КР ӨКМнин Свердлов райондук №3 АӨКБдан 1 бөлүм, КР ӨКМнин Биринчи-Май райондук №4 АӨКБдан 1 бөлүм жана Штаб, КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ КБП унаасы менен, КР ИИМнен 13 кызматкер, РЭТинен 1 бригада, газ чарба ишканасынын кызматкерлери, Суу чарба ишканасынан 1 суу ташуучу унаа тартылган.

         Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 20:16да чектөөгө алынып, саат 23:25те өрт толук өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here