2019-жылдын 1-апрели  саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
340 просмотров

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап

атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө

          Бишкек-Ош унаа жолунда (132-133-чакырымдарында (Төө-Ашуу Ашуусу), 222-223- жана 246-249-255-чакырымдарында  (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2019-жылдын 30-мартынан 3-апрелине чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

         Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын Жарандык коргонуунун башчысы–Премьер-министрдин 2019-жылдын 30-март күнү №4 буйругу чыккан.

         2019-жылдын 31-март күнү Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруп жаткан КР КК ГШнын артиллериялык эсеби жана КР ӨКМнин ыкчам тобу тарабынан, Бишкек-Ош унаа жолунда 246-чакырымында (Көчкү-Булак тилкеси)кар көчк унү атып түшүрүү иштери жүргүзүлүп, 57 000м3 кар көчкү түшкөн. Иш-чаралар 1-апрель күнү улантылат.

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

          2019-жылдын 31-марты саат 08:00дон 1-апрелине саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТ

 Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттордү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Ош шаары
1. 12-АӨКБ

1 б

1 14:56 15:04 15:10 15:43 16:01   Ош шаары. Достук  кичи району, 49-көчө, № 9 үй. Жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн  40 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда 2 ствБ
Талас облусу
2. 17-АӨКБ

1 б

1 08:54 08:56 09:02 09:09 09:22   Талас шаары. Ч.Айтматов менен Сатаев көчөлөрүнүн кесилишинде Mersedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташыган унаанын салону күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1 ствБ
3. 17-АӨКБ

1 б

1 16:57 17:00 17:14 17:23 17:39   Талас шаары. Ч.Айтматов көчөсү. №269 үй.  Жылуулук мешинен чыккан өрттүн кесепетинен 1 чарчы метр полу, 1 даана палас күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби:  электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1 ствБ
Жалал-Абад облусу
4. 58-ӨКБ

1 б

1 10:43 10:45 10:46 11:07 11:20   Жалал-Абад шаары. Спутник кичи району, Манас проспекти. Таштанды таштоочу контейнердин ичинде таштанды күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: өрткө этиятсыздык менен мамиле кылуу. 1 ствБ
5. 83-ӨКБ

1 б

1 14:35 14:45 14:50 15:02 15:30   Майлуу-Суу шаары. З.Кутманов көчөсү 16-үй, 20-батир. Газ плитасында калып калган  казандагы тамак, идиш-аяк күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу. 1 ствБ
6. 20-ӨКБ

1 б

1 00:26 00:33 00:58 01:05 01:52   Жалал-Абад шаары. Курманбек көчөсү №24 Жатаканасынын 3 кабатынын 5  чарчы метр  гипсокартондон жасалган шыбы жана электр зымдары күйгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдарырынын кыска туташуусу 1 ств А
Ош облусу
7. 71-ӨКБ

1 б

1 15:29 15:44 15:57 16:22 16:40   Ноокат району. Зулпуев айыл аймагы, Жатан айылы.  Ачык аянтта  0,20 га камыш, тал-теректер күйгөн. Өрттүн келип чыгуу  себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1 ствБ
Баткен облусу
8. 26-АӨКБ

1 б

1 15:35 15:41 15:55 16:10 16:56   Баткен шаары. Кызыл-Жол кварталы, Айдын-Көл көчөсү. Ачык аянтта 0,30 га  куураган чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
Чүй облусу
9. 6-АӨКБ

1 б

1 20:35 20:42 21:05 21:18 21:49   Сокулук району.  Новопавловка айылы, Школная көчөсү №28. Сарайдын 8  чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби  такталууда. 1 ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон:

  Бишкек шаары

 Свердлов району.  2019-жылдын 31-март күнү саат 12:54тө  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Гоголь көчөсүндөгү №6 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Баткен облусу

Баткен району. Дара айыл аймагы. Сох-Кан-Зардалы унаа жолунун 30-32-чакырым аралыгында таш кулоо коркунучу пайда болуп. Жерине жергиликтүү тургундардан 235 адам, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 6 кызматкер жана КР ӨКМнин Баткен районунун бөлүмүнүн башчылыгында Баткен райондук №26 Аскерлештирилген өрт –куткаруу бөлүгунөн 15 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын  №3 Өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 20 куткаруучу жерине тартылып коркунуч жараткан таштарды түшүрүп, жолду тазалашкан. Жалпы жергиликтүү тургундардан 235 адам, райондук Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 6 кызматкер жана КР ӨКМнен  35 куткаруучу тартылган. 

 1-апрель күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-апрелде күндүз жана 2-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда  мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here