КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгы мамлекеттик административдик бош орунга сынак жарыялайт

0
246 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык төмөнкү мамлекеттик административдик бош орунга сынак жарыялайт

 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  Талас облусу   боюнча башкармалыгы:

  • Кара-Буура району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн башкы адиси -1 орун;

Квалификациялык талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;
  • 21 жаштан жаш болбоого;
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана

расмий тилдерди билүү;

  • Билими жогорку, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык, табият таануу илимдери, экономика, архитектура жана курулуш, физика жана математика, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдардан коргонуу;
  • Иш стажы талап коюлбайт.

Функционалдык милдеттери:

  • Жарандык коргонуунун тынчтык жана согуш мезгилине карата пландарын иштеп чыгып, өз убагында бөлүмүнүн башчысынын көрсөтмөсү менен түзөтүүлөрдү жүргүзөт;
  • Жарандык коргонуу комиссиялары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген Өзгөчө кырдаалдардын классификациясынын негизинде өзгөчө кырдаалдардын чегин аныктайт, алардын оордугун баалоону жүргүзөт ошондой эле авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерин жүргүзүүгө керектелүүчү күч жана каражаттарды тартуу боюнча чечимдерин даярдайт;
  • Райондук кабарлоо системасынын түзүлүшүн уюштурат жана өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда алардын туруктуу иштешин көзөмөлдөйт.

Төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамдарын;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2012-жылдын 20-февралындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө”, 2011-жылдын 3-январындагы №1 “Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы жөнүндө жобо” токтомдорун.

 Билгичтиги:

  • жарандар менен иштей билүү жөндөмү;
  • жарандык коргонуу планын долбоорун иштеп чыгуу, сунуш берүү;
  • жарандык коргонуу боюнча окутуулардын иш кагаздарын билүү;
  • карталар менен иштей билүү жөндөмү;
  • өзгөчө кырдаалдар учурда иштөөгө физикалык чыдамкайлуу;
  • чоң көлөмдүү маалыматтар менен иштөө жөндөмдүүлүгү;
  • компьютерди колдонуу билүү (Microsoft Word, Microsoft Excel, Power point, Internet);
  • жогорку турган башчылардын тапшырмаларын сапаттуу аткаруу жөндөмдүүлүгү;

Сынакка  катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:

  • Бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз;
  • Кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөтү (4х6 — 2 даана);
  • Өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү

            менен);

  • Резюме;
  • Паспорттун көчүрмөсүн;
  • Керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

 Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт.

 Конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди төмөнкү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумуш күндүн ичинде саат 9.30дан 17.30 чейин тапшыруу керек.

Дареги: Талас шаары Ч.Айтматов көчөсү №370.

Маалымат алуу телефондору: (03422) 5-25-01, 0700564688

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here