2019-жылдын 2-апрель саат 08:00гө карата  Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
308 просмотров

Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүү коркунучу сакталат!

          2019-жылдын 2-апрелинен 4-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 72-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 80-130-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2019-жылдын 4-апрелинен 6-апрелине чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 1-апрель күнү КР ӨКМнин телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

2019-жылдын 1-апрели саат 08:00дон 2-апрель саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТ

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган.

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.

 

4-АӨКБ

1 б

8-АӨКБ

1 б

6-АӨКБ

1 б

3-АӨКБ

1 б

ККББ

1

БИС

 

15:30

15:37

15:38

15:48

15:50

15:37

15:49

15:49

——

16:00

16:21

 

 

 

 

17:47 18:38

 

17:03

 

17:00

 

16:37

 

17:00

  Биринчи Май району.  Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан №57-А турак үйдөн өрт чыгып, өрт жакын жайгашкан №57-Б, 53-А турак үйлөргө өтүп кеткен. Өрттүн кесепетинен турак үйлөрдүн чатырлары жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзгөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда. 5ствБ
2. 5-АӨКБ

1 б

1 17:18 17:29 18:16 18:43 19:54   Октябрь району. Кара-Дарыя көчөсү №30. Турак үйдүн жер төөлөсүндө 5 чарчы метр китеп текче жана китептер күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ

1зв ГТХЗК

3. 2-АӨКБ

1 б

1 21:03 21:10 21:40 22:01 22:26   Свердлов району. Дордой-1 калктуу конушу, №2 көчө 16-үй. Турак үйдүн 20  чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2ствБ
4. 3-АӨКБ

1 б

1 23:21 23:32 23:51 23:53 00:45   Свердлов району. Бакай-Ата калктуу конушу, Зулайка жана Анар көчөсүнүн кесилишинде көмөк чордондун зымдары күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби: электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушу. кол каражат
5. 4-АӨКБ

1 б

1 02:49 02:59 04:19 04:44 05:28   Ленин району. Л.Толстой жана Манас проспектинин кесилишинде, жыгач устундуу темир жабылган курулуш чарбанын 40  чарчы метр чатыры  күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Нарын облусу
6. 42-ӨКБ

1 б

1 17:27 17:50 18:04 18:40 19:10   Кочкор району.  Кара-Суу айылы,  Жаштык жаңы конушу. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 72  чарчы метр чатыры жана 5 баш жандык (кой, эчки) күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу. 1ствБ

 

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон:

Жалал-Абад облусу

 Жалал-Абад шаары. 2019-жылдын 1-апрель күнү саат 13:58де КР ӨКМнин №58 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары СМУ кичи районунун ВЛКСМ көчөсүндөгү №16 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 Нарын облусу

 Ат-Башы району. 2019-жылдын 1-апрель күнү саат 18:53 чамасында Ат-Башы айылында ылдамдыгы секундасына 15-18 метрге жеткен шамал катталып,  анын кесепетинен Батыш көчөсүндө жайгашкан №5 турак үйдүн сарайынын 49 м2 темир чатырын шамал учурган. Жерине КР ӨКМнин Ат-Башы райондук №45 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары  чыгышып, тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

2-апрель күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,  Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Бишкек шаары

         Биринчи Май району. 2019-жылдын 1-апрель күнү саат 15:30да Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан №57-А турак үйдөн өрт чыгып жакын жайгашкан №57-Б, №53-А турак үйлөргө өтүп кеткен. Өрттүн кесепетинен турак үйлөрдүн чатырлары жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метр түзгөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

         Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Биринчи Май райондук №4 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн (АӨКБ) 1 бөлүм, КР ӨКМнин №8 АӨКБдан 1 бөлүм, КР ӨКМнин Ленин райондук №6 АӨКБдан 1 бөлүм, Штаб, КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу КБП (ППУ) унаасы менен, КР ИИМден 10 кызматкер жана РЭТ мекемесинен 1 бригада тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 16:21де чектөөгө алынып, саат 17:47де толук өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here