ӨКМде аппараттык кеңешме өткөрүлдү

0
481 просмотров

2019-жылдын 2-апрель күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жетекчилик кылган аппараттык кеңешме болду. Анда өлкөдөгү акыркы жумадагы өзгөчө кырдаалдар, алдын алуу, издеп-куткаруу аракеттери тууралуу маселелер талкууланды. Аппараттык кеңешмеге министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын башчылары катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө министр Нурболот Мирзахмедов тиешелүү башкармалыктын  башчыларына сел, суу ташкындарын алдын алуу, өрт коопсуздугу, кооптуу аймактагы жашап жаткан калк арасында түшүндүрүү боюнча иш-аракететтерди улантууну жана күчтөндүрүүнү талап кылды.

 “Кырсыктардын алдын алуу багытындагы иштер солгундабасын, буга чейин Ош облусун кыдырып чыктым, Баткен, Жалал-Абад облусундагы алдын алуу багытындагы жумуштарга анализ жүргүздүк, иштер толук кандуу жүргөн жок. Иш-чаралар тиешелүү деңгээлде аткарылбаса, башкармалыктардын башчыларына чара көрүлөт”,-деди министр Н.Мирзахмедов.

Аппараттык кеңешменин жүрүшүндө Министрликтин тиешелүү түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүндөгү жаз мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, болуп кетүүчү чукул кардаалдарга  чара көрүү боюнча күч, каражаттардын даярдыгы талкууланды.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here