2019-жылдын 3-апрели    саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
270 просмотров

Шашылыш билдирүү!

          2019-жылдын 3-апрелинен 4-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 72-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 80-130-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2019-жылдын 4-апрелинен 6-апрелине чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 1-апрель күнү КР ӨКМнин телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2019-жылдын 2-апрели саат 08:00дон 3-апрелине саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТ

 Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган.

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Ош шаары
1.

 

109-ӨКБ

1 б

1 10:29  жеткенге чейин 11:09   Ак-Тилек кичи району. №9 көчөсүндөгү электр калкандан өрт чыккан. Өрт  бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
Бишкек шаары
2. 5-АӨКБ

1 б

1 22:01 22:10 22:15 22:44   Октябрь району. Көк-Жар кичи району, Мавлянов көчөсү №41, №750 гараждын ичинде компрессордун кыймылдаткыч бөлөгү күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. кол караж
3. 7-АӨКБ

1 б

1 00:08 00:25 жеткенге чейин 01:10   Октябрь району. Кара-Жыгач конушу, Бурана көчөсүндөгү №39 үйдүн жанында таштанды күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
Ысык-Көл  облусу
4. 16-АӨКБ

1 б

1 16:38 16:48 16:55 17:33 17:54   Каракол шаары.  Масалиев  көчөсү. Бакчада 24 чарчы метр куураган чөп, короодо жыйылган 1 куб отун  күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
5. 36-ӨКБ

1 б

1 02:55 02:59 03:05 03:28 03:42   Жети-Өгүз району. Кызыл-Суу айылы, Каралаев көчөсү №17. Жалпы аянты 12  чарчы метр болгон сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Чүй облусу
6. 22-АӨКБ

1 б

1 18:05 18:15 18:20 18:30 19:05   Жайыл району. Петропавловка айылы, Совет көчөсү №3. Кампанын 3 чарчы метр  чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
7. 21-АӨКБ

1 б

1 20:33 20:36 20:40 20:46 21:07   Токмок шаары. Парковая – Бокина көчөлөрүнүн кесилишинде “Ауди-80” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.  Өрттүн чыгуу себеби такталууда 1 ствБ
8. 22-АӨКБ

1 б

1 20:52 20:55 21:05 21:25 21:35   Жайыл району. Кара-Балта шаары, Жайыл Баатыр көчөсү. “Мерседес-Бенц 430” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
Баткен облусу
9. 108-ӨКБ

1 б

1 00:32 00:45 жеткенге чейин 01:53   Лейлек району. Ак-Арык айылы, Ташболотов көчөсү  №1. Турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон:

Бишкек шаары

Свердлов району. 2019-жылдын 2-апрель күнү саат 08:09да КР ӨКМнин №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Аламедин-1 кичи районунда жайгашкан №31 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 Ленин району. 2019-жылдын 2-апрель күнү саат 19:37де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Дэн-Сяопин көчөсүндөгү №6 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ош шаары

 2019-жылдын 2-апрель күнү саат 21:46да КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Масалиев көчөсүндө жайгашкан №110 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

 Аксы району. 2019-жылдын 2-апрель күнү, алдын ала маалымат боюнча, Ак-Жол айыл аймагынын Тегирмен-Сай айылындагы Кара-Суу дарыясына 1993-жылы туулган С. уулу К. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерине КР ӨКМнин №70 Өрт –куткаруу бөлүмүнөн жана КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын №2 Издөө куткаруу отрядынан жалпы 12 куткаруучу тартылып, бирок табылган жок. 3-апрель күнү издөө иштери улантылат.

 Баткен облусу

 Лейлек району. 2019-жылдын 2-апрель күнү саат 10:40та КР ӨКМнин Тоо-кен куткаруу кызматынын №1 Өзүнчө мобильдик тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары Сүлүктү шаарындагы “Таш-Коро” ЖЧКнун шахтасына тосмо орнотуп беришкен.

3-апрель күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ош облусу

         Чоң-Алай району.  Чоң-Алай айыл аймагы. 2019-жылдын 2-апрель күнү саат 16:30 чамасында аба-ырайынын жылыганына байланыштуу тоо этектериндеги кар ээрип, кокту колоттон келген суулар Жар-Башы айылындагы 2 турак үйдүн жер төлөсүн, 3 мал сарайды жана 1 ички чарбалык унаа жолду каптаган. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Жерине КР ӨКМнин Чоң-Алай районундагы бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин Чоң-Алай райондук №88 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 14 куткаруучу, РИИБнен 1 бригада, жергиликтүү тургундардан 30 адам жана айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылган.

         Тартылган күчтөрдүн жардамында айыл аймактан бөлүнгөн 200 даана капка шагыл толтуруп, аккан суулардын нугун буруп тосушкан жана ички чарбалык унаа жол тазаланган.

Чүй облусу

Жайыл району. 2019-жылдын 2-апрель күнү саат 02:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 208-чакырымында көлөмү 900м3 кар көчкү түшүп, анын ичинен 60м3 унаа жолго түшкөн. Унаа жол жабылган эмес. Кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Жолду кар көчкүдөн тазалоого №9 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган.

         Тартылган техниканын жардамында, кар көчкү толугу менен тазаланган.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here