Араван районундагы бала бакчада өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

0
258 просмотров

КР ӨКМнин Араван району боюнча бөлүмү тарабынан Ош облусунун Араван районуна караштуу Манас айылындагы Гульбаар бала бакчасында өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

       Машыгууга Жарандык коргуу кызматтары, Араван районундагы бала бакчалардын жетекчилери, райондук билим берүү мекемесинин  жетекчилиги тартылды.

Машугуунун жүрүшүндө бала бакчанын имаратында чыккан өрттү Араван районундагы өрт-куткаруу бөлүгүнөн   өрт өчүрүүчү автоунаа менен бир бөлүм убагында келип, өрт өчүрүлдү. Ал эми куткаруучулар кызматкерлерди жана балдарды коопсуз жайга эвакуациялап, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүштү.

Жыйнтыгында тактикалык машыгуунун катышуучуларына кырсык катталган учурда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери, өрт коопсуздугунун эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Машыгуу  өз деңгээлинде өттү деп бааланды.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here