Чоң-Алай районунда суу каптоонун кесепеттери жоюлду

0
226 просмотров

Ош облусунун    Чоң-Алай районунда 2019-жылдын 2-апрель күнү саат 16:30 чамасында аба-ырайынын жылыганына байланыштуу тоо этектериндеги карлар ээрип, кокту колоттон келген суулар Жар-Башы айылындагы 2 турак үйдүн жер төлөсүн, 3 мал сарайды жана 1 ички чарбалык унаа жолду каптаган. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Жерине КР ӨКМнин Чоң-Алай районундагы бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин Чоң-Алай райондук №88 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 14 куткаруучу, РИИБнен 1 бригада, жергиликтүү тургундардан 30 адам жана айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылган.

         Тартылган күчтөрдүн жардамында айыл аймактан бөлүнгөн 200 даана капка шагыл толтуруп, аккан суулардын нугун буруп тосушкан жана ички чарбалык унаа жол тазаланган.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here