Нарын облусунда кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралары аткарылууда

0
232 просмотров

Нарын облусунун аймагынан министрликтин иш-мерчемине 10 объекти сунушталып бекитилген. Аткарылган жумуштардын жыйынтыгында 230 турак-жай, 1 мектеп, 1 ФАП, 450 көрүстөн табигый кооптуу процесстерден корголот.
Планга киргизилген 10 объектинин ичинен 3 объектиде айыл аймактын күч-каражатынын жардамы менен жумуш аткарылууда.
— Нарын районунун Учкун айыл аймагынын Көк-Жар айылында 500 метр узундуктагы селден коргоочу дамба куруу иштери башталды. Белгиленген ишке айыл аймактан 1 даана погрузчик тартылды.
— Нарын районунун Куланак айылындагы Кур-Кокту жана Терек-Суу каналдарынын жээктеринин айрым аралыктарын бекемдөө жумуштары жүрүп, габион торчолорду тизүү үчүн таш ташуу иштерине айыл аймактан 1 даана КамАЗ техникасы тартылып, болжолдуу 25 м/куб таш тартылды. Габион торчолорду тизүү иштери жүрүүдө.
— Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагынын Ак-Жар айылындагы Сөөк суусунун жээгин бекемдөө иштери. Жээк бекемдөөгө КР ӨКМнен 150 даана габион торчолору бөлүнүп берилген.
Таш тартуу иштерине айыл аймактан 1 даана КамАЗ техника каражаты тартылды. айыл аймактан 1 даана автопогрузчик техникасы тартылып Сөөк суусунун жээгин дамбалоо иштери аткарыла баштады.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here