2019-жылдын 4-апрель саат 08:00гө карата  Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
465 просмотров

Шашылыш билдирүү!

          2019-жылдын 4-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 72-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 80-130-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2019-жылдын 5-апрелинен 6-апрелине чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

         2019-жылдын 4-6-апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Чүй, Талас облустарынын ойдун жерлерин суу капташы мүмкүн, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн.

          Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

         2019-жылдын 7-8-апрель күндөрү Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

         2019-жылдын 3-апрели саат 08:00дон 4-апрелине саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТ

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.    5-АӨКБ

1 б

1 21:30 21:43 22:12 22:21 22:48   Октябрь району. 5-кичи район №71. Ачык аянтта 10 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствА
Чүй облусу
2.    21-АӨКБ

1 б

1 11:54 11:58 12:02 12:11 12:15   Токмок шаары. Шамшы көчөсүндө 20  чарчы метр  таштанды күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
3.    5-ӨКБ

1 б

1 13:07 13:44 14:00 15:22 19:30   Кемин району. Төрт-Күл айылы, Исламбаев көчөсү №9. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 76  чарчы метр  чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ

 

 

4.    23-АӨКБ

1 б

1 14:46 14:57 15:03 15:37 16:23   Сокулук району. Военно-Антоновка айылы, 7-көчө. Жыгач устундуу темир жабылган бастырманын 30  чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
5.    23-АӨКБ

1 б

1 б

1 00:59

 

01:12

01:08

 

01:18

01:35 02:15 01:37

 

03:00

  Сокулук району. Сокулук айылы, Фрунзе көчөсү. базарында 2 контейнердин 50  чарчы метр ички жасалгасы жана 2 муздаткыч күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2ствБ
Нарын облусу
6.    42-ӨКБ

1 б

1 15:15 15:40 15:55 16:50 17:25   Кочкор району. Кара-Күңгөй айылы, Аблес у А.  көчөсү №30. Сарайдын ичинде 70 түк чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. 1ствБ
7.    43-ӨКБ

1 б

1 21:05 21:35 22:40 23:25 23:45   Жумгал району. Байзак айылы. Жумгал суусунун жээгинде 2,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Талас облусу
8.         17-АӨКБ

1 б

1 07:55 07:57 08:03 08:10 09:25   Талас шаары. Оторбаев көчөсү №31. Бөлмөнүн ичинде 2 даана шкаф күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
9.         33-ӨКБ

1 б

1 17:33 жеткенге чейин 18:29   Ысык-Көл району. Орто-Өрүктү айылы. Токой чарбалыгында 20 сотык куураган чөп жана жыгач тосмолору күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу.
Ош облусу
10.    102-ӨКБ

1 б

1 11:30 11:38 11:50 11:56 12:24   Кара-Суу району. Шарк айыл аймагы, Мачак айылы. Ачык аянтта 20 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. кол кара-жат
11.    25-АӨКБ

1 б

1 17:33 17:46 17:55 18:01 18:30   Кара-Суу району. Савай айыл аймагы, Кыдырша айылы, Мечит көчөсү н/ж. Жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 40 чарчы метр чатыры, 600 боо жүгөрү сабагы жана 30 түк чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
12.    20-АӨКБ

1 б

1 13:35 13:50 13:52 14:15 15:33   Жалал-Абад шаары. Курук-Сай тилкеси. Таштанды таштоочу жайда 4 сотык таштанды күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон:

Бишкек шаары

 Октябрь району. 2019-жылдын 3-апрель күнү саат 16:15те КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Валиханов көчөсүндө жайгашкан №3-б үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 Жалал-Абад облусу

 Аксы району. Алдын ала маалымат боюнча, Ак-Жол айыл аймагынын Тегирмен-Сай айылында 2-апрель күнү Кара-Суу дарыясына 1993-жылы туулган С. уулу К. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.  Издөө иштерин улантуу максатында саат 06:40та КР ӨКМнин Аксы райондук бөлүм башчысы, КР ӨКМнин Аксы райондук №70 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын №2 Издөө-куткаруу отрядынан 8 куткаруучу,жалпы ӨКМден 11 куткаруучу, РИИБнен 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, саат 19:50дө издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган. 4-апрель күнү издөө иштери улантылат.

 Баткен облусу

 Кадамжай району. 2019-жылдын 3-апрель күнү алдын ала маалымат боюнча, Кара-Жыгач айылында Исфайрам дарыясына 2011-жылы туулган  К. Ж. аттуу бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүүгө саат 18:49да КР ӨКМнин Кадамжай райондук №75 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, саат 22:00дө убактылуу токтотулду. 4-апрель күнү издөө иштери улантылат.

4-апрель күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын  облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

 Ош облусу

         Чоң-Алай району.  Чоң-Алай айыл аймагы. 2019-жылдын 3-апрель аба-ырайынын жылыганына байланыштуу тоо этектериндеги кар ээрип, Жар-Башы айылында кокту колоттон келген суулардын жана ички чарбалык жолдогу суулардын нугун бурууиштери аткарылган. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Жерине КР ӨКМнин Чоң-Алай району боюнча бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин Чоң-Алай райондук №88 Өрт-куткаруу  бөлүмүнөн 14 куткаруучу, РИИБнөн 10 кызматкер, жергиликтүү тургундар тартылган.

 Тартылган күчтөрдүн жардамында аккан суулардын нугун тосушкан жана ички чарбалык унаа жол толук тазаланган.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here