Мектеп окуучулары ӨКМдин өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышышты

0
117 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан билим берүү мекемелеринин окуучуларына өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштыруу боюнча иш-чаралар уюштурулууда.

Иш-чаралар КР ӨКМнин  Таш-Көмүр шаардык, Сузак, Ала-Бука  жана Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүндө уюштурулуп, иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучуларына куткаруучулардын ишмердиги, куткаруу шаймандары, өрт өчүрүүнүн ыкмалары тааныштырылып, өрт жана өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү,  куткаруу кызматына кырсык жөнүндө кабар берүү, жаш балдардын от менен ойноосунан келип чыгуучу өрт кырсыктары боюнча кеңири маалымат берилди.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here