Табигый кырсыктардын алдын алуу жумуштары уланууда

0
159 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багыт: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2019-жылга карата болжолдуу 53 объектте иш жүргүзүү мерчемделген. 2019-жылдын 3 ай ичинде 25 объектте жумуш жүргөн, анын ичинен:

— Ош облусунда 7 объектте;

— Баткен облусунда 5 объектте;

— Жалал-Абад облусунда 9 объектте;

— Талас облусунда 2 объектте ;

— Ысык-Көл облусунда 1 объектте;

— Чүй облусунда 1 объектте жумуш аткарылган.

Натыйжада биринчи багыт боюнча 9 объект пайдаланууга берилип, 2637 кожолук жана 3405 га айыл чарба аянттары корголду, ошондой эле 1 мектеп, 1 ФАП жана 233 кожолук транспорттук каттам менен камсыз болду.

Ал эми алдын алуунун экинчи багыты — “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2019-жылдагы болжолдуу-планына 317 обьект киргизилип, 3 ай ичинде республика боюнча 98 обьекте иш-чаралар жүргүзүлүп, 49 объектиде иш бүткөн жана 26 объектиде иштер улантылууда:

— Ош шаарында 3 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 3 объектиде жумуш аяктаган;

— Ош облусунда 32 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 20 объектиде жумуш аяктаган, 8 объектиде иштер улантылууда;

— Жалал-Абад облусунда 18 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 9 обьектиде жумуш аяктаган, 9 обьектиде жумуш жүрүп жатат;

— Баткен облусунда 20 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 3 обьектиде жумуш аяктаган, 6 объектиде жумуш жүрүп жатат;

— Нарын облоблусунда 2 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 2 объектиде жумуш убактылуу токтоп турат;

— Талас облусунда 6 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 1 объектиде жумуш аяктаган, 1 объектиде иштер улантылууда;

— Чүй облусунда 16 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 12 объектиде жумуш аяктаган, 1 объектиде жүрүп жатат.

Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында: 1689 кожолук жана 638 га чарба үлүш жерлери, 3,5 чакырым ички чарбалык жол корголду, 2 көп кабаттуу үй, 2 бала бакча, 1 ички чарбалык көпүрө,1 мечит,1 мүрзө, 1 ФАП, 1 ГСВ, 1 ЛЭП, 1 көпүрө сел коркунучунан корголду, 461 кожолук жол каттамы менен камсыз болду.

Жалпысынан 370 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, 123 объектиде жумуш жүрүп, 58 объектиде жумуштар бүткөн. Натыйжада жалпысынан 4326 кожолуктун жана 4043 га чарба үлүш жерлерди, 3,5 км ички чарбалык жол корголду, 2 көп кабатту үй, 2 балабакча, 1 ички чарбалык көпүрө,1 мечит,1 мүрзө, 2 ФАП, 1 ГСВ, 1 ЛЭП, 1 көпүрө, 1 мектеп сел коркунучунан корголду, 694 кожолук жол каттамы менен камсыз болду.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here