Тогуз-Торо району өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы боюнча текшерилди

0
163 просмотров

2019-жылдын 2- апрель күнү Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда райондук деңгээлде өзгөчө кырдаалдар боюнча штабдык машыгуу өткөрдү.

Машыгунун сценарий боюнча, Тогуз-Торо районунун аймагында аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп, нөшөрлүү узак мөөнөттү мөндүр аралаш жамгырдан сел жүрүп, селдин натыйжасында дарыялардын суусунун деңгээли көтөрүлүп, жакын жайгашкан калктуу конуштарды жана башка чарба объектилерди жууп кетүү коркунучу жаралган.

Штабдык машыгууга райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын жол жана көпүрөлөрдү тейлөө кызматынан 1 даана фронталдуу авто жүктөгүч, 1 даана оор жүк ташуучу ХОВО унаасы жана Суу чарба башкармалыгынан 1 даана фронталдуу автожүктөгүч, 1 даана оор жүк ташуучу ХОВО унаасы, Атай айыл аймагынан 1 даана фронталдуу автожүктөгүч, Сары-Булуң айыл аймагынан 1 даана экскаватор жана жергиликтүү тургандар жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 45 адис тартылды.

Өткөрүлгөн машыгууда Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылынын жанынан агып өтүүчү Нарын дарыясынын оң жээгин 25метр аралыкта буруучу тосмо тосулду.

Казарман-Чет-Булак автоунаа жолунун 2,5-чакырымындагы (Беш-Там уч.) жолдун сол жээгиндеги чуңкурчага топтолгон суу топтомун коопсуз агызып кетүү максатында, 160метр ачык типтеги канал тазаланды жана көмүлүп калган 35метр аралыгы экскаватор техникасы менен толугу менен тазаланды.

Тогуз-Торо районунун Жарандык коргонуу боюнча 2019-жылга карата даярдык   иш- мерчеминин негизинде машыгуу өткөрүлдү.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here