Исфайрам дарыясына агып кеткен баланы издөө иштерине 48 куткаруучу тартылды  

0
238 просмотров

3-апрель күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында Исфайрам дарыясына 2009-жылы туулган Т.Ж. аттуу бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМден жалпы 52 куткаруучу  (КР ӨКМнин Кадамжай райондук №75 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн (ӨКБ) 8 куткаруучу, №76 ӨКБдан 9, №107 ӨКБдан 6, №77 ӨКБдан 4, Кызыл-Кыя шаардык №62 ӨКБдан 12, №3 ӨИКОнан 8 куткаруучу жана РӨКОдон 5 суучул) жана жергиликтүү тургундар тартылып, бирок натыйжа болгон жок.

Бүгүн, 5-апрель күнү издөө иштерине КР ӨКМнен жалпы 48 куткаруучу (КР ӨКМнин Кадамжай райондук №75 ӨКБдан 9, №76 ӨКБдан 8, №107 ӨКБдан 6, №77 ӨКБдан 4, Кызыл-Кыя шаардык №62 ӨКБдан 9, РӨКОнун №3-ӨИКОнан 8 куткаруучу жана РӨКОдон 5 суучул) жана жергиликтүү тургундар тартылды. Кошумча маалымат берилет.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here